Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Бүгүн Румынияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат


Мамлекет башчылыгы үчүн премьер-министр Адриан Настасе менен Бухарест шаарынын башчысы Траян Башеску атаандашууда.Мындан эки жума мурда болгон шайлоонун биринчи айлампасында Адриан Настасе 41, Траян Башеску 34 пайыз добушка ээ болгон. Өзүнүн шайлоо участкасына добуш берүүгө келген Адриан Настасе шайлоо тууралуу мындай пикирин билдирди.

- Бул шайлоо Румыниянын келечеги үчүн абдан маанилүү.Румын эли бүгүн татыктуу талапкерди шайлап алаарына ишенем.

Оппозиция тарап шайлоонун биринчи айлампасында бурмалоолор болду деп бийликке кине койгондон кийин өлкө бийлиги шайлоо адилет жана калыс өтөөрүнө кепилдик берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG