Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

ПАРЛАМЕНТ ЖАҢЫ ЖЫЛДАГЫ БАЖЫ ТАРИФТЕРИН БЕКИТТИ


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбүдө өлкө бюджетин түзүүгө негиз берүүчү мыйзамдардын топтомун кароого киришти. Алардын ичинен биринчи болуп 2005-жылы колдонула турган бажы тарифтери жөнүндөгү мыйзам кабыл алынды.

Өкмөт Мыйзам чыгаруу жыйынына Кыргызстандын эмдиги жылкы бюджетин түзүүгө негиз берүүчү төрт мыйзамды тезинен кабыл алып берүүнү сунуш кылды. Алардын ичинен алгачкы болуп кабыл алынган 2005-жылдагы бажы тарифтери жөнүндөгү мыйзам Дүйнөлүк соода уюмунун ченемдерине жана Кыргызстан мүчө болгон эл аралык уюмдардын келишимдеринин талаптарына ылайык даярдалды. Андан тышкары өлкө экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу товарлардын келишине шарт түзүүгө айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жабдуулар менен куралдарды импорттоодон бажы жыйымдары алынбай турган болду. Ал тууралуу палатанын бюджет саясаты боюнча комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров:

- Эң башында өзүбүздүн рыногубузду коргойлу деген максат менен тарифтерди көтөрүп койгонбуз. Бизге сырттан келген товардын саны 12 миңге чейин жетет.Алардан алынчу жыйымдардын көлөмү 40 процентке чейин жетчү.Дүйнөлүк соода уюмуна кирген 6 жылдын ичинде улам-улам кичирейтип отуруп, жыйымды такыр жоюп баратабыз. Мисалы,алардын арасында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдуулар бар. Андан тышкары бизде таш абдан көп. Бирок, ошол ташты иштетүүчү жабдуулардан да жыйым алынчу. Азыр алардан да төлөм алынбай турган болууда

Бажы инспекциясынын башчысы Айдар Дүйшалиевдин айтымында, мындай жыйымдардын негизинде өлкө казынасына жылына 400 миллион сомдун тегерегинде каражат топтолот:

-Эл аралык соодадан бажы төлөмү катары жылына 390-400 миллион сом түшөт. Биздин эсеп боюнча анын көлөмү жылына 4-5 проценттин тегерегинде өсүп турат. Ошон үчүн эмдиги 410 миллион сом түшөт деп күтүп жатабыз.

Бажы жетекчисинин мындай маалыматы депутаттарды канааттандырган жок. Алардын айтымында, өлкөгө канча товар кирип, канча каражат топтоору жалпыга белгисиз. Ал тууралуу төрага орун басары Кубатбек Байболов:

- Бажы жыйымдары боюнча элге жарыяланбаган статистикалык маалымат абдан көп.Өткөндө бир жыйында президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков Кытай менен Кыргызстандын бажыканаларынын 2003-жылдагы маалыматында 248 миллион долларлык айырма бар экен деп айтты. Ошондо бажы төлөмдөрү болжол менен 50 миллион доллар болот да! 50 миллион доллар эмне деген акча! ,- деп кабатырланды.

Палатанын башка депутаттары да көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң продукциянын жарымынан көбүн түзүп калды дешип, бажыканадан өткөн товарлардын баасын талап кылышканда Экономикалык өнүгүү министри Амангелди Муралиев так жооп таба алган жок:

- Биздин экономикабызда андай маселе бар…Акыркы изилдөөлөр боюнча жашыруун экономиканын көлөмү ички дүң продукциянын 30 процентин түзүп жатат. Негизинен ири ишкана менен мекемелер гана таза иштеп жатат. Себеп дегенде, салык инспекциясынын алардын ишин тескеп туруучу атайын башкармасы бар. Ал эми кичи жана орто ишкерликте көмүскө экономиканын көлөмү бир топ. ,-

деп жооп кайтарып,мындай кемтикти жоюу үчүн Салык кодексининин жаңы редакциясына кичи жана орто ишкерликтен салык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн түрү киргизилип жаткандыгын жана Кытай менен статистикалык маалыматтарды алмаштыруу боюнча макулдашуу түзүлөөрүн кабарлады.

Андан кийинки талашты жашылча-жемиштерден жасалган тамак-аштардан алынчу 10 проценттик бажы төлөмүнүн 15 процентке чейин көбөйтүлгөнү болду.Атамекендик рынокту коргоо үчүн Айыл,суу чарба министрлиги башка өлкөлөрдөн ташылып келип жаткан жашылча-жемиштерден жасалган товарларга бажы жыйымын 30%,какао, кофеге 50% ке чейин көбөйтүүнү талап кылган. Аны айрым депутаттар колдоп, 20% болсун дешкени менен добуш берүүдө палатанын колдоосун тапкан жок. Натыйжада, андай товарлардан 15 проценттик бажы жыйымы алына турган болду.
XS
SM
MD
LG