Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Вице премьер мамлекет башчысына каршыбы?


Вице премьер министрдин милдетин аткаруучу Токтобүбү Айтикееванын «Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү демократия» деп аталган жыйындагы билдирүүсү мамлекет башчынын саясатына каршы келет. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ташболот Балтабаев билдирди. Анын айтымында, аталган жыйында президент Аскар Акаев Кыргызстан демократияны өнүктүрүүгө бир катар кадамдарды жасады, Жогорку Кеңеште да бул багытта дурус иштеди, деп айтса, Токтобүбү Айтикеева «Бармакка белги коюу» тууралуу шайлоо кодексине киргизилген өзгөртүүлөр адам укуктарын бузат деп, өзгөртүүлөрдү айыптаган. Депутат Ташболот Балтабаев бул маселени Жогорку Кеңештин кош палатасынын тийиштүү комитеттеринде кароону сунуштады. Төрага Абдыганы Эркебаев бул сунушту колдоп, маселе кароону Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетине тапшырды.

XS
SM
MD
LG