Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Бажы тарифтери бекитилди


Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны 2005-жылы колдонула турган бажы тарифи жөнүндө мыйзам долбоорун бекитти. Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министри Амангелди Муралиевдин билдирүүсүнө караганда, мыйзамда Дүйнөлүк соода уюмунун ченемдерине ылайык өлкөгө импортолчу айрым товарларга бажы тарифи төмөндөтүлдү. Ал эми алкоголодук жана алкоголдук эмес ичимдиктерден алынуучу бажы төлөмү Айыл,суу чарба министрлигинин талабы менен 10 проценттен 15 процентке көтөрүлдү. Жалпысынан 12 миң түрдөгү товардан бажы жыйымы топтолоору жыйында маалымдалды

XS
SM
MD
LG