Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Виктор Ющенко башкы прокуратуранын аракетин кубаттоого алды


Украина президенттигине талапкер Виктор Ющенко башкы прокуратура анын ууланышына байланыштуу козгоп, бирок жаап койгон кылмыш ишин кайра ачканын кубаттоого алды. Оппозиция лидери Венада ден соолугун дагы бир жолу текшерткен болчу жана австриялык дарыгерлер анын диоксин менен ууктурулганы айныксыз деген бүтүм чыгарып беришкен. Ошондон кийин Украинанын башкы прокуратурасы кылмыш ишин кайра козгогон болчу. Жекшембиде Австриядан келген учактан түшкөн Виктор Ющенко Киевдеги эларалык аэропортто мындай деди:

- Мен бул иштин артында бийликтегилер тураарын жакшы билем. Эми аны иликтеп, далилдөөгө убакыт керек. Ууландыруунун көп жагдайлары бизге белгилүү. Мен ошондой болсо да башкы прокуратура Украина мыйзамдарына таянып иштейт деп жана жакын арада муну ким жасаганын өлкө да, жалпы дүйнө да билет деген ойдомун.

Ющенконун айтымында ал мурда эле ууландыруунун артында бийлик тураарын билген, бирок ошол эле убакта ал башкы прокуратураны шайлоочуларды алаксытпаш үчүн 26-декабрга чейин жыйынтык чыгарбай турууга чакырды.

Украин бийликтери болсо азырынча Ющенко ууландырылган деген дарыгерлердин жана оппозициянын бүтүмүнө комментарийин бере элек. Бирок алар буга чейин бул окуяга тийешеси жоктугун айтып келишкен.

XS
SM
MD
LG