Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Румыниянын президенти болуп Траян Басеску шайланды


Румыниядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасын оппозиция лидери, Бухаресттин мэри Траян Басеску жеңип чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда бюллетендердин 99 процентти саналып бүткөндөн кийин Басеску 52 процент добуш топтогон. Ал эми анын атаандашы, өлкөнүн премьер-министри Адриан Настас 48 проценттен бир аз көбүрөөк добуш алды. Шайлоодо жеңилгенин мойнуна алган солчул социал-демократтардын лидери Адриан Настас атаандашы Траян Басескуну Румыниянын жаңы президенти деп тааныды:

- Жыйынтыктар көргөзгөндөй Траян Басеску Румыниянын кийинки президенти болуп шайланды. Бул – жалпы румындардын каалоосу болду, ошондуктан мен аны урматтайм, - деди Настас телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн сөзүндө.

Румыниянын жаңы мамлекет башчысы болгон Траян Басеску шайлоо өнөктүгү маалында коррупцияны кынына киргизип, өлкөнү Евросоюзга кошууга күч үрөйм деп убада берген.

Ал жетектеген оппозиция шайлоонун биринчи туру көз бойомочулук менен өттү деп нааразычылык билдирген жана ошондон кийин румын бийликтери экинчи айлампаны адилет жана калыс өткөрүүгө сөз беришкен болчу.

XS
SM
MD
LG