Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:55

ЫҢКЫЛАП ТЫШТАН КЕЛБЕЙТ


Өткөн жылкы Грузиядагы парламенттик, быйылкы Украинадагы президенттик шайлоону бийлик өмгөгүна салып бурмалоого калк өзү каршы чыкты. Элдин антип өз укугун апачык коргоп чыгышын айрым бийлик эгелери «ыңкылап экспорту», сырттан келген таасир кабары сыпатташууда. Эмдиги жылдын башында парламенттик, соңунда президенттик шайлоо камылгасына киришкен Кыргызстанда грузин, украин жөрөлгөсү кайталанышы мүмкүнбү суроосу көптөрдү кабатырлантууда

Грузиядагы бийликтин алмашуусун Кыргызстандын расмий жетекчилиги кыйла өгөйлөбүрөөк кабылдаган, бийликти минтип көчө жыйынынын жардамы менен алмаштыруу туура эместигин айтып чыккан. Украинадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы тактала электе эле расмий Бишкек В.Януковичке чын ыкластан чыккан куттуктоо катын жиберүүгө үлгүрдү. Дегинкиси, Грузиядагы адаттан тыш окуя постсоветтик Борбор Азиядагы кабелтең бийлик эгелерин бейпайга салар жөнү бар. Демократиялык жаңыланууларды калк өзү каалап жатат.

- Эл өз амири менен өкмөттү, режимди түзөт. Постсоветтик өлкөлөрдөгү бийликтин көпчүлүгү кылмыш иштерге барып, коррупцияга жол берип, элди унутуп койгон. Диктатура өңдөнгөн өзүм билемчилик бийлик болуп калган. Ошол элдин нааразылыгын туудуруп атат,- дейт белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйын төрага орунбасары Кубатбек Байболовдун ырасташынча, Грузия менен Украинадагы гүлдүү ыңкылаптар Батыш өлкөлөрүнүн ыкластуу колдоосу, каржылык жардамы менен жасалды деген жүйөө суу кечпейт. Себеп дегенде, революция эч качан экспорттолбойт. Анын чыгышына өлкөнүн ичиндеги коомдук-саясий кырдаалы шарт түзүп берет.

- Лениндин аныктамасына алып келе турган болсок, революцияны экспорттоого мүмкүн эмес. Грузия менен Украинада болгон окуялар ошол өлкөлөрдүн ичинде пайда болгон. Ал коммунисттерден калган бийликти өзүндө калтырууну каалагандарга каршы чыккан аракет деп ойлойм. Эгер шайлоо бурмаланып, адамдардын укугу тебелнип кетсе бизде деле андай окуя болушу мүмкүн,- деп айтты Кубатбек Байболов.

Парламент депутаты, жаңыдан түзүлүп аткан «Атажурт» саясий кыймылынын тең төрагасы Дооронбек Садырбаев бул жердеги калктын турмуш-шарт жагдайы ыңкылапчыл өлкөлөрдөн ашып кеткен жери жок, ошондон парламент шайлоо мыйзам негизинде, калыс, ачык өтпөсө кээ бир жерлерде бийлик менен элдин тирешүүсү болуп кетиши ыктымал дейт.

- Адилет иш тутканга, адилет сүйлөгөнгө, калыс сүйлөгөнгө, калыс шайлоо өткөргөнгө эч кандай мүмкүнчүлүк, эч кандай шанс калтырышпастан эле күпүлдөтүп өздөрүнүн билгенин эле жасай бергенден ошондой кырдаал өсүп чыгып отурат. Анан муну четтен келген экспорттолгон революция, экспорттолгон идея деп айтууга болбойт.

Шайлоо жыйынтыгын бурмалоо бийликтин гана колунан келет, ошол гана элдин укугун басмырлашы мүмкүн. Мындай пикирин парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Муратбек Мукашев билдирди.

- Мына, «Алга Кыргызстандын» өкүлдөрүн карасаңар да. Вице-премьер деңгээлинде ар бир жогорку окуу жайына, орто окуу жайына, алардын жатаканаларына план берип, ушунча студентти каттайсыңар деп атышат. Шайлоону ким бузуп атат?
Кыргызстан эмдиги жылы эки олутуу саясий сыноону башынан кечирет. Жаамы журт биригип мамлекет башчыны тандоо милдети турат.

- Демократия дегенде бул монархия эмес да. Бийликти өзүнүн үй-бүлөсүнө же жакындарына калтырып кете турган саясат болбош керек. Элдин өзүнүн эркине коюш зарыл, – дейт Ишенбай Абдуразаков.

Ушу тапта саясий күчтөр биригип, адилет шайлоо өткөрүү демилгесин көтөрүп чыгышууда. Расмий бийликтин билдирүүсү деле ошондой.
XS
SM
MD
LG