Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

ЮЩЕНКОНУ УКРАИН БИЙЛИГИ УУЛАНДЫРГАНБЫ?

Виктор Ющенко аны украин бийлиги уулантууга аракет жасаганынан күмөн санабайт. Мындай билдирүүнү Ющенко кечээ Венадагы клиникадан кайтып келгенден кийин жарыялады.. Ишембиде австриялык дарыгерлер саясатчынын оорусу диоксин уулу затынан улам келип чыкканын тастыктаган эле. Ющенко эч кимдин ысмын ачык атабаганы менен ууланган күнү Украинанын коопсуздук кызматынын жетекчилери менен чогуу чаран тамактанганын кыйытып кеткен.

Оппозиция талапкери Ющенко өзүнө ууктуруу аракетин жасагандардын үстүнөн кылмыш иши кайра ачылганын кубаттап, тергөө шайлоодон кийин, башкача айтканда, 26-декабрдан соң улантылса деген пикирин ортого салды.

Бул иштин бийликте тургандардын колунан келгенинен күмөн санабайм. Мен буга 100 процент ишенем. Иликтөө үчүн убакыт талап кылынат. Көптөгөн жагдайлар ачыкка чыкты. Украинанын башкы прокуратурасы тергөөнү мыйзамдарга ылайык жүргүзсө, бул карасанатайлыктын авторлору белгилүү болот.

Жекшембиде саясатчы Австриядан Киевке кайтып келди. Венадагы клиниканын дарыгерлери Ющенконун организминде диоксиндин көлөмү нормадан 1 миң эсеге көптүк кылат деген бүтүмгө келген. Бирок уулу зат организмде качан пайда болгонун аныктоо кыйын деп кошумчалады медиктер.

Дарыгер Михал Цимфер диоксин Ющенконун тамак ашына кошуп берилген деп болжолдойт.
Ющенко болсо, өлкөнүн коопсуздук кызматынын жетекчиси, анын орун басары менен чогуу кечки тамак ичкенден соң көп узабай эле башы, жүрөгү айланып, өзүн жаман сезе баштаганын айткан.
Украин жетекчилиги бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун байма-бай кайталап келет. Алардын ырастоосунда, Ющенко тек гана бузулган тамак ичип алган болуу керек деп айтылат..

Жекшембиде доктор Цимфер Ющенконун бетиндеги тактарды диоксин менен уулануунун белгиси катары сыпаттады. Ал дароо эле пайда болбостон, бир нече убактыттан кийин акырын чыга баштайт. Андыктан, диагнозду буга дейре так, кесе айтуу кыйын эле деп билдирди.

Америкалык профессор, Нью-Йорк университетинин медициналык институтунун окуутучусу Марк Сигел Ющенконун канында диоксин табылгандыгы, аны атайлап ууландыруу аракети жасалгандыгын каңкуулайт деп эсептейт:

Ал ууланган болсо эмне үчүн дагы эле тирүү? - деген суроо туулушу мүмкүн. Диоксин өтө кызыктуу зат. Аны сиңирип алуу мөөнөтү бирдей эмес. Демек, Ющенконун организми ууну жай сиңирип, ага туруштук бере алган. Андыктан ал аман калды.

Саясатчы жакшы жана туура даарыланса, жүзүндөгү тактар, аш казан оорусу өтүп кетет. Бирок, анын саламаттыгы мындан ары кандай болот айтуу кыйын деп болжолдойт Сигел:

Тилекке каршы, диоксин адам канында көпкө кала берсе, ал рак илдетине чалдыктыршы ыктымал.

XS
SM
MD
LG