Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

Муса Мураталиев, Москва Орусия президенти Владимир Путин регион жетекчилерин шайлоо тартибине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Ал мыйзам 3-декабрде Мамлекеттик Дума тараптан, 8-декабрде Федералдык Совети тараптан кабыл алынган эле. Жаңы мыйзам негизинде мындан ары регион жетекчилигине талапкерди өлкөнүн президенти сунуш этет. Региондук парламент ал талапкерди бекитет. Эгерде талапкерди жергиликтүү парламент бекитпей койсо, анда президент ал жергиликтүү мыйзам чыгаруу органын таркатып ийет. Админстративдик реформанын тереңдешинен улам орусиялыктар арасында башкача маанай жаралууда. Кокусунанбы же атайылап жасалдыбы, кечээ өлкөдө “Конституция күнүн” майрамдоо акыркы жолу майрамдалып жатканда, президент Путин жаңы мыйзамга кол коюп, аны күчүнө киргизди. 12-декабрден тартып, өлкөнүн 89 субъектисинде жетекчилерди Москвадан президент өзү дайындайт.

Орусия президенти Владимир Путин регион жетекчилерин шайлоо тартибине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Ал мыйзам 3-декабрде Мамлекеттик Дума тараптан, 8-декабрде Федералдык Совети тараптан кабыл алынган эле. Жаңы мыйзам негизинде мындан ары регион жетекчилигине талапкерди өлкөнүн президенти сунуш этет. Региондук парламент ал талапкерди бекитет. Эгерде талапкерди жергиликтүү парламент бекитпей койсо, анда президент ал жергиликтүү мыйзам чыгаруу органын таркатып ийет. Админстративдик реформанын тереңдешинен улам орусиялыктар арасында башкача маанай жаралууда.
Кокусунанбы же атайылап жасалдыбы, кечээ өлкөдө “Конституция күнүн” майрамдоо акыркы жолу майрамдалып жатканда, президент Путин жаңы мыйзамга кол коюп, аны күчүнө киргизди. 12-декабрден тартып, өлкөнүн 89 субъектисинде жетекчилерди Москвадан президент өзү дайындайт.
XS
SM
MD
LG