Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

УКУК КОРГООЧУЛАР ООГАН АБАКТАРЫНДАГЫ КЫРДААЛГА ТЫНЧСЫЗДАНАТ


Кошмо Штаттардын аскер жетекчилигинин айтымында, Ооганстанда америкалык абактарда кармалгандардын ичинен сегизи өмүрүнөн ажыраган. Буга чейин АКШ аскерлери алты кишинин өлгөнү тууралуу гана айткан эле. Укук коргоочу эл аралык «Хюман райтс уотч» уюму болсо Ооганстанда америкалык абактарда дагы башка үч киши өлгөнү тууралуу дүйшөмбүдө билдирди. Уюм расмий Вашингтондон абактагыларды кыйноого алып, өлтүргөнгө чейин барган жоокерлерди жазага тартууну талап кылууда.

«Хюман райтс уотч» уюмунун маалымдашынча, Кошмо Штаттар Ооганстандагы абактарды кайтарган жоокерлеринин арасынан түрмөдө кармалгандардын укуктарын одоно бузууга жол койгондорун жазалоо жаатында өтө эле жайбаракаттык көрсөтүүдө. Бул уюмдун дүйшөмбү күнү (13-декабрда) жарыялаган маалыматына караганда, Ооганстандын абактарында мурда моюнга алынгандардан башка дагы үч кишинин өлүмү катталган.

«Хюман райтс уотч» уюмунун Азия аймагы боюнча деректири Брэд Адамстын (Brad Adams) оюнча, расмий Вашингтон өз жүзүнө чиркөө болгон мындай окуяларды коомчулуктан жаап-жашырууда:

- Азыр чынында эле Кошмо Штаттар үчүн Ооганстандагы абактарда өлгөндөрдүн так санын айтуу заманы келди. АКШ бийликтери абактагылардын өмүрүнөн ажырашы тууралуу башынан эле дароо жарыя кылган жок жана өз демилгеси менен мындай окуяларды тергеп кирген жок. Алар бул ишке кысым астында гана барып жатышат.

АКШ армиясынын жаңы маалыматына караганда, жалпы-жонунан сегиз киши алардын Ооганстандагы абактарында каза болгон. Бул сан мурда айтылганга караганда бери дегенде экиге көптүк кылат.

Ал эми «Хюман райтс уотч» уюму болсо абактарда кармалган көптөгөн кишилер кыйноого алынып жатат деген доосун да билдирүүдө.

АКШ куралдуу күчтөрүнүн кылмыштарды иликтөө башкармалыгынын басма сөз өкүлү Крис Грей (Chris Grey) мырза учурда абакта каза болгон үч оогандыктын иши боюнча тергөө жүргүзүлүп жатканын дүйшөмбүдө билдирди. Ал эми Пентагондун басма сөз өкүлү Жон Скиннер болсо абакта өлгөн айрым кишилер туткунга түшкөнгө чейин алган жараатынан каза болгон деген пикирин «Ассошиейтед пресс» агенттигине билдирди.

Ооганстанда иш алып барып жаткан Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссия абактагылардын акыбалы тууралуу тынчсыздануусун мурда да билдирген. Комиссиянын мүчөсү Мухаммед Фарид Хамиди «Азаттыкка» мындай дейт:

- Ооганстандагы Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссия коалициялык аскерлердин ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүү тууралуу өтүнүч жиберген. Ошондой эле комиссия Ооганстандын эли жана өкмөтү абактагыларга карата одоно мамиле кылгандардын үстүнөн тергөө ишинин жыйынтыгы менен таанышып туруусу керек деп санайт. Бирок бул өтүнүчкө коалициялык аскер жетекчилиги жооп кайтара элек.

«Хюман райтс уотчтун» өкүлү Адамс болсо Ирактагы түрмөдө кармалгандардын укуктарынын одоно бузулушу боюнча бүт дүйнөдө чоң чуу көтөрүлгөндөн кийин да Ооганстандагы АКШ аскерлери мындай коомдук пикирден тийешелүү сабак албаганы таң калууну туудурат деп айтат.

АКШ аскер жетекчилиги болсо Ооганстандагы абактардын кырдаалы май айынан кийин атайын иликтенгенин айтат. АКШ армиясынын өкүлү Памела Киитондун (Pamela Keeton) маалымдашынча, соңку иликтөөнүн жүрүшүндө абактагыларды кодулоо сыяктуу эч кандай тартип бузуулар байкалган эмес.

XS
SM
MD
LG