Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

ПРЕЗИДЕНТ ЖОРЖ БУШТУН ЖАҢЫ ӨКМӨТҮ


Кубат Оторбаев, Прага Кошмо Штаттарынын кайра шайланган президенти Жорж Буш экинчи ирет мамлекет башчысы катары өзүнүн командасын топтоп жатат. Ак үйдөгү өзгөрүүлөргө ылайык өкмөттүн жарымынан көбү алмашаары күтүлүүдө. Отставкага кете тургандардын арасында Ирак согушуна каршы болгон мамлекеттик катчы Колин Пауэлл да бар. Ал эми иши коомчулук тарабынан көп жолу сындалган коргоо министри Дональд Рамсфельд болсо тескерисинче кызматында калып жатат.

Президент Жорж Буш жаңы өкмөттү курап жатып министрлердин Ак үй саясатына лоялдуулугуна, башкача айтканда ак ниеттик менен каш кайтарбай иштеп берүүчү адамдарга басым жасоодо. Дал ушул көз караштан улам президент Буштун биринчи мөөнөтүндө иштеген 9 министр кызматтарынан кетип жатат.

Вашингтондогу Като институтунун аналитиги Патрик Бешам Ак үйдүн жаңы администрациясы мурдагысына эч окшобойт дейт. Анын айтымында азыр президент Буш жана анын командасындагы эң жакын санаалаштары - Дональд Рамсфельд менен Дик Чейни саясаттагы талашып-тартышуулардын мезгили артта калды деген бекем ишенимде:

- Президенттин биринчи мөөнөтү учурунда өлкөнүн тышкы саясатынын стратегиясына байланыштуу курч талаш-тартыштар болгон. Эми алар артта калды.

Талдоочулардын айтымында Буштун жаңы кабинетиндеги орчундуу кадрдык жүрүш – мамлекеттик катчылыкка Колин Пауэллдин ордуна буга чейин президенттин коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси катары иштеп келген Кондализа Райстын дайындалышы болду. Кондализа Райс – Жорж Буштун атасы менен да эриш-аркак иштеген, ал эми Колин Пауэлл болсо азыркы президенттин Иракта согуш ачышына каршы тургандардын бири эле. Ал ошондон улам Пентагондун башчысы Дональд Рамсфельд менен жана вице-президент Дик Чейни менен пикири келишпей, ачык талаш-тартыштарга барган учурлары көп болгон.

Роберт Спайтзер - Нью-Йорктогу Кортленд университетинин саясат таануу илими боюнча профессору. Ал Ак үй тигил же бул чечимди кабыл алаардан мурда буга чейин боло жүрүүчү талаш-тартыштарды токтотуу менен мындан ары тышкы саясатта бир катар проблемаларга капташышы мүмкүн дейт.

- Эки баалуулуктун бирин теңсалмактоо учурунда, башкача айтканда – бийликке лоялдуу адамдар менен, саясаттагы акыйкат талаш-тартыштардын бирин тандоодо Буштун администрациясы лоялдуулукка басым жасап жатып, идеяларды толук талдап-талкуулоого көңүл бурбай калды. Албетте бул айткандарыма Иракка кол салуудан өткөн жакшы мисал жок, - дейт профессор Роберт Спайтзер.

Колин Пауэллдин отставкасынан тышкары Буштун командасында башкы прокурор катары иштеп келген Жон Эшкрофттун кызматтан кетиши талдоого алынып жатат. Ал 11-сентябрдагы террордук кол салуулардан кийин катуу сынга алынган эле. Өз дарегине айтылган ачуу сөздөрдөн кийин Эшкрофт жүздөгөн адамдарды түрмөгө салган жана укук коргоочулардын айтымында, абактарда ал адамдардын укуктары тебеленип-тепселип жатат.

Эшкрофтун ордун басуучу Альберто Гонсалес деле аналитиктердин пикиринде юстиция министрлигинин ишин оңдоп жиберээри күмөн. Гонсалес дагы өтө консерватор жана президентке берилген адам катары белгилүү.

Билл Френзэль Кошмо Штаттарынын өкүлдөр палатасынын мурдагы мүчөсү. Ал ар бир президент өз ишинде тигил же бул тармакка артыкчылык берет – Жорж Буш андай максаттарын ишке ашырыш үчүн өкмөт мүчөлөрүн катуу көзөмөлгө алууга аракет жасап жатса керек дейт.

Ошентсе да Ак үйдөгү кадрдык өзгөрүүлөр кетип жаткандарды эмес Буштун командасында калып жаткандарды көбүрөөк ойлондуруш керек деген пикирлер арбын айтылууда. Мисалы, коргоо министри Дональд Рамсфельддин иши башкалардыкына караганда коомчулук тарабынан катуу сынга алынып келатат. Америкалык аскерлердин Ирак түрмөлөрүндөгү жорук-жосундарынан кийин Пентагондун башчысын кызматтан кетүүнү талап кылган чакырык-талаптар көп айтылган. Бирок президент Буш Рамсфельдди дагы төрт жыл иштеп бер деп алып калды.

XS
SM
MD
LG