Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:12

Айнура Жекше кызы Украин парламенти президенттикке талапкер Виктор Ющенкону ууктуру аракети боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Бирок топтун жетекчиси бул фактыны далилдеш өтө кыйын болот деп эсептейт. Ушундай эле тергөө башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлүүдө. Ющенко болсо 26-декабрдагы шайлоого таасир тийгизбөө багытында иликтөөнү добуш берүүдөн кийин улантуу керек деген оюн ортого салды.

Ишембиде Ющенко дарыланган клиниканын адистери анын канында ири өлчөмдөгү диоксин табылгандыгын билдирген эле. Дарыгерлер бул уулу зат Ющенконун тамак-ашына аралаштырылып берилген деген божомолун да айтышты. Мындай билдирүүдөн кийин Украинанын башкы прокуратурасы кылмыш ишин кайра ачуу жөнүндө жарыялады. Дүйшөмбүдө болсо Верховна Рада да өзүнүн иликтөөсүн улантуу тууралуу билдирди.

Киевдик аналитик Михаил Похребинскийдин ырастоосунда, Ющенконун оорусунун айланасындагы сөздөр саясий түскө боелгон, бул жөнүндө так жана ишенимдүү маалымат жок.
Оппозициячыл депутат Юрий Павленко болсо уулантуу ишине орус агенттеринин тиешеси бар деген божомолун айтат. Баса, бул теорияны жергиликтүү эл арасында көптөрү колдошот.
Өкмөт башчы Виктор Януковичтин шайлоо кампаниясынын жетекчилеринин бири Тарас Чорновил мында Кучманын адамдарынын ролу болушу керек, же Ющенконун айланасынан бирөө оорукчан президентти манипуляциялап туруш үчүн аны уулантууга аракет жасаган деген оюн ортого салат.

Ющенконун тарапкерлери веналык дарыгерлердин диагнозу саясатчынын көзүн тазалоого аракет жасалгандыгын бышыктайт дешет. Бир топ аналитиктер болсо бул иштин максаты - Ющенкону саясий сахнадан сүрүп чыгып, шайлоо алдында аны элдин назарынан алысыраак кармоо керек болчу деп ырасташат. Ошондо оппозициячыл талапкерди колдгондордун саны азаймак.

“Ющенкону тыйпыл кылып салышса, Кучма саясий байталманга айланып калмак”, - дейт саясий изилдөөчү Маркян Былинский.
Ансыз да өкмөттүн оппоненттери бир катар саясатчылардын, таанымал бизнесмендердин жана журналисттердин табышмактуу өлүмүнө бийликтин тиешеси бар деп эсептешет.

Ал эми Янукович атаандашына сакайып кетүүнү каалады.
Ассошейтед Пресске берген маегинде премьер тергөө калыс болууга тийиш деп, ага кийлигишпөөгө убада берди.
Ошол эле мезгилде Янукович Ющенко шайлоону жеңип чыкса, элди кантип башкарат. Анын саламаттыгы начар экени көрүнүп турбайбы деп баса белгилейт.

Айтмакчы, Ющенко дарыланган клиниканын кызматкери доктор Михал Цимфер биздин кабарчыбыздын суроолоруна жооп берип жатып, мындай деп ырастады:

Ушу тапта анын териси жабыркап, оорунун айыга элек салдары бар. Бирок ал жакшы болуп кете алат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Ричард Баучер дарыгерлердин билдирүүсүнө байланыштуу мындай комментарий жасады:

Эң биринчиден Ющенкого тезирээк айыгып кетүүнү каалайбыз. Диоксин менен ууктуруу тууралуу диагнозду угуп, катуу камтама болдук. Биз иликтөөнүн толук жана ачык болушун колдойбуз. Бул кимдин колунан келген, кантип ишке ашырылган, аны билүү керек.

Ал эми Кошмо Штаттары Ющенкого колдоо көргөзүп, Украинанын ички иштерине аралашып жатат деген Януковичтин айыптоолоруна Баучер:

Биздин турумубузду дагы бир жолу кайталайм. Биз бир дагы кандидатка жан тартпайбыз. Биз жөн гана демократиянын сакталышын колдойбуз, - деди АКШнын Мамлекттик департаментинин өкүлү.
XS
SM
MD
LG