Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

РОЗА ОТУНБАЕВА: КЕЛЭЭРКИ ШАЙЛООДО ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШИБИЗГЕ ИШЕНЕБИЗ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстандын АКШ жана Улуу Британиядагы мурдагы элчиси, жаңыдан түзүлгөн «Ата журт» саясий кыймылынын тең төрайымы Роза Отунбаева менен маек .

- Роза Исаковна, Сиздин министрлик кызматтан кетишиңиздин негизги себеби эмне болгон?-

-Кыргызстанда адам укугу жаатында көптөгөн бурмалоолор ошол 1996-1997-жылдары эле башталган. Мен көп маселер боюнча макул болбой бир нече жолу жогорку бийлик жетекчилерине өз пикиримди билдиргем. Мен кандай маселелерди көтөрүп жатсам да жетекчилик кандайдыр бир жыйынтык чыгарган жок. Көп өтпөй мен бийликтен кетээримди Аскар Акаевге ачык айтып, бийликтен кеткемин. Мени эч ким бийликтен кандайдыр бир себептер менен чыгарган эмес. Мен мындан ары мындай өкмөт менен иштей албасымды ачык айтып кеткемин. Мындан ары мындай бийлик менен кала берүүгө болбойт. Мен ошол үчүн ушундай кыймылга бириктим. Биз келечекте мамлекеттик жаңы система жана жаңы тартипти түзөбүз. Андай өзгөртүүлөр коомдук өнүгүүнү камсыз кылаарына толук ишенебиз.

- Роза Исаковна, өзүңүзгө маалым мындан бир нече ай илгери Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысынын жетекчилиги менен «Адилет шайлоо өткөрүү үчүн» деп аталган биримдик түзүлгөн. Биримдик жетекчилери да адегенде сиздерге окшоп маалымат жыйынын өткөрүшүп, коомчулукка көптөгөн убадаларды берген. Көп өтпөй ал биримдиктин айрым өкүлдөрү башка бир уюмдарга киришип соңку мезгилдери андай кыймылдан дайын чыкпай калды. Сиздердин кыймыл да келээрки шайлоолорго чейин кандайрдыр бир себептер менен тарап кетпейби?

-Ошол атуулдук бирикме жазда түзүлгөн. Мен чынымды айтсам алар тууралуу ачык билбейт экемин. Бирок, мына ошол бирикмеден үч төрт киши бизге кирди. Ачык айтып коюш керек биздин «Атажурт» кыймылы тарабайт. Биз иштейбиз. Биз баштап эле тарап кете турган адамдардан эмеспиз. Биз ишти жаңы гана баштап жатабыз. Баштаган ишти аягына жеткизебиз. Пландарыбыз көп. 22-декабрда курултай өткөрөбүз. Анда устав, программаларыбызды бекитебиз. Программда өлкөнүн ушундай оор абалдан алып чыгуу тууралуу экономикалык, саясий, социалдык багыт коомчулукка ачык жарыяланат. Мындан сырткары курултайда кыймылдын жетекчи органдарын шайлайбыз. Келээрки парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүү үчүн «Кыргызстан элдик» кыймылы менен биргелешип аракеттенебиз. Биргелешип көрсөткөн талапкерлерди ар тараптуу колдойбуз.

- Роза Исаковна, депутаттык демекчи сиз өзүңүз 2005-жылы депутаттык шайлоого катыша турган оюңуз барбы жана Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы элчилер депутатык шайлоого катыша албайт деген билдирүүсүнө пикириңиз?

-Мен келээрки шайлоого катышам. Бирок шайлоо кодесинин элчилер тууралуу беренеси туура эмес, адилетсиз деп ойлойм. Мындай эреже эч бир өлкөдө жок. Маселен, алыска барбай эле Орусиянын Думасында мурда элчи болуп иштеген жети сезгиз атуул бар. Ал эми Кыргызстанда элчи болуп иштеп кеткен Муктар Шаханов Казакстанда депутат болуп шайланды. Ушул өңүттөн алганда мурдагы элчилерди шайлоого катыштырбоо аракети негизсиз. Биз мамлекет башчынын жардыгы менен Кыргызстан үчүн иштеп келдик. Ошондуктан биз сөзсүз шайлоого барабыз. Укугубузу коргоого аракеттенебиз. Бизде өзүбүздүн укугубузду коргоп калууга жетишээрлик фактылар бар. Аны биз бардык жерде далилдей алабыз.

-Роза Исаковна, кандай деп ойлойсуз 2005-жылы болуучу президенттик шайлоодо Кыргызстанда бийлик алмашаарына ишенесизби?

-Мамлекет башчы буга чейин бир нече курдай шайлоого катышпайм деп сөз берген. Бирок, биз президент кандай чечим кабыл алса да президенттик шайлоого өз талапкерлерибизди алып чыгабыз. Биз жалаң эле ал кишинин эркине карап, анын сөзүн угуп отура бербейбиз. Шайлоо болот, шайлоодо жеңишке жетишээрибизге ишенебиз.

XS
SM
MD
LG