Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

ПУТИНДИН КАТААЛ САЯСАТЫНА КАРШЫ…


Муса Мураталиев, Москва Москвада олтуруму аяктаган Бүткүл орусиялык атуулдук конгресстин катышуучулары өлкөнүн бардык демократиялык күчтөрдү биригүүгө чакырды.

«Яблоко» партиясынын лидери Григорий Явлинский өлкөдө жүргүзүлүп аткан саясатка анын партиясы таптакыр каршы чыгарын айтты. «Биз алган саясий багыт – демократиялык оппозиция. Мындай багыт деп биз өлкөдө президентти, өкмөттү жана Мамдуманы алмаштырууга умтулчу күчтү түшүнөбүз», - деди ал. Ал эми СПС – Оңчулдар союзунун күчтөрү партиясынан сүйлөгөн Борис Немцов орусиядагы авторитардык тенденция күчөп олтуруп фашизмди жаратат деди. Конгресске коммунисттер партиясы жана улутчул большивиктер да катышты. Аналититер баамында Путиндин катаал жүргүзгөн саясаты өлкөдө жаңы кыймылдын жаралышына алып келген.

“Космос” мейманканасында ачылган бүткүлорусиялык атуулдук конгресске миңден ашуун делегат келди. Ага ар кыл партиялардан сырткары укук коргоо уюмдары коомдук уюмдардан өкүлдөр катышты.

Аналитиктердин баамында, орусиялык либералдар менен солчулдар жаатын биригип кетишине кийинки учурда президент Путин катаал жүргүзгөн саясат себепчи болгон. Конгресске катышкан Мамдуманын депутаты Владимир Рыжков айтканга караганда, биригишкен оппозициячыл күчтүн башкаруу уюму болот:

Отуздан ашуун кишиден турган “Аракет кылуу комитети” уюшулат. Ал комитет атуулдук коомчулукка багыт берүү иштерин жүргүзүп, дегинкиси, туруктуу түрдө иштейт, - деди.

Конгрессте сүйлөгөн оппозициячыл маанайдагылардын кеби бир жактуу болгон. Кремлде олтургандар менен кармашуу оңой болбошун улам эскертишкен. Атактуу шахмат оюнунун дүйнөлүк чемпиону Гарри Каспаровдун айтканы мындай чыккан:

Азыр биз өз көлөкөсүнөн корккон алаңкөз бийлик менен күрөшкөнү аткан жерибиз жок. Ал ГКЧП эмес. Азыркы бийлик, эгерде ошондой жагдай болуп калса, анда, көчөгө айдатып чыккан танктерды кайра айдатып кетпейт, - деди Гаспаров

Конгресс ишине жер-жерлерден келишкен ишкерлер да катышты. Орлов обулусунан келген ишкер Марина Ивашованын ою боюнча:

Орлов обулусунда чакан ишкердүүлүктүн өнүгүүсү үчүн шарт жок. Анын өнүгүшү баарыдан мурда жергиликтүү бийликтин жасаган мамилесине жараша болууда. Эгерде биздин өнүгүшүбүзгө авторитардык система жолто болуп атканын түшүнсөк анда баарыбыз ошол жоо менен күрөшкөнүбүз оң, - дейт ишкер айым Ивашова.

Жаңы пайда болгон атуулдук жааттын жакшы-жаманы эмнеде экенин чечмелөөгө тартылган Кремлдик саясатчы Станислав Белковский мындайча ой айтты:

Бул конгресс бир жагынан Кремлдин алган багытына каршы, ал самаган максатына жетеби жокпу – аны кийин ишин жыйынтыктаганда көрөбүз, - дейт Кремлдик саясатчы

XS
SM
MD
LG