Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:41

15-декабрда аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!
Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 15-16-декабрда Ош, Жалалабад облустарынын тоолуу аймактарында жана Бишкек-Ош автожолунун 121-138, 198-257 чакырым аралыктарында кѳчкү жүрүшү күтүлүүдѳ.

15-декабрда Кыргызстанда ала булут каптап турат. Кар жаашы күтүлбѳйт.
Чүй, Талас, Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшѳт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС, ЧҮЙ, ЫСЫККѲЛ облустарында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз +1…+6 градус жылуу.
Республиканын БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн –3 градус сууктан +2 градуска жылуу, күндүз +3…+8 градус жылуу болот.
НАРЫН аймагында түнкүсүн –3…-8 градус суук, күндүз –3 градус сууктан +2 градуска жылуу.
Борборубуз БИШКЕКТЕ мезгил-мезгили менен туман түшүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн –2…-4 градус суук, күндүз +4…+6 градус жылуу.


Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Аманбек Жапаров уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

Редактор Султан Раев.

XS
SM
MD
LG