Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:48

Улуттук олимпиадалык комитеттин президенттигине ким кызыкдар?


БИШКЕК. “Улуттук олимпиада комитеттин президенттигине кимдир бирөөнү алып келүүгө спорт чиновниктери кызыкдар. Анткени “Вечерний Бишкек” гезитинин жума күнкү чыгарылышында кабарчы Данияр Каримовдун “Марафон дилетанта” деген темадагы макаласы жалданма мүнөздө жазылган”, - деп билдирди Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, макалада көрсөтүлгөн олимпиада комитетинин иштерин жана Кутманалиевди каралап жазган маалыматтары чындыкка коошпойт.
Анда көрсөтүлгөн айрым фактылар ойдон чыгарылган. Ал эми аталган комитеттин иштерине спорт тармагынын чиновниктери кийлигишип, ар түрдүү жалган маалыматтарды таратууда. Өткөн жылы өкмөт тарабынан Улуттук олимпиадалык комитеттин кеңсесин Жапон элчилигине алып бергени буга далил, деди Эшим Кутманалиев.

Ал эми “Вечерний Бишкек” гезитинин кабарчысы Данияр Каримов макала эч кандай жалданып жазылбаганын, Улуттук олимпиада комитетинин иштериндеги кемчиликтерди жазууга журналисттик кесиби жол берерин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG