Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:14

Карыз ишканалардын бересесин өкмөт кечкени жатат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн ишканалардын үстөк проценттери менен айыппулдарын кечүү жөнүндөгү мыйзамды кароону улантты. Бул күнү депутаттар аталган карыздарды жоюунун жолдору менен механизмдерин тактоону талап кылышты. Бирок, депутат Исмаил Исаковдун карыздары бар жеке ишкерлерди тизмеден алып салуу сунушу өткөн жок. Андан тышкары Ишенбай Кадырбековдун мамлекеттик акциясы жок ишканаларды да карызы жоюулуучулардын тизмесинен чыгаруу сунушун палата колдогон жок. Өкмөт 1992-жылдан бери негизги карызын төлөп, бирок, анын үстүнө кошулган үстөк процент менен айыппулун төлөй албай жүргөн 2 миң 660 ишкана жана ишкерлердин карызын жоюуга ниеттенип, ага негиз берчү мыйзамды парламентке ушуну менен төртүнчү жолу сунуштады. Ишканалардын айыппулдары менен үстөк процентинен чогулган акча 1 миллиард 163 миллион сомдон ашык, тактап айтканда, негизги карызынан 5 эсеге көп болуп өсүп кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG