Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Кыргызстандан сырткары жүргөн эмгек мигрантарынын 15% акчага сатылган


БИШКЕК. Өлкө аймагында адам сатууга байланыштуу 19 кылмыш иши козголуп, сотко ашырылган. Кылмыштуу топтор Казакстан, Россия, Бириккен Араб эмираттарына, Түркия, Кытайга Кыргызстандын атуулдарын ири акчага сатканы тууралуу, “Адам сатуунун алдын алууга” байланыштуу бүгүн Бишкекте өткөн тегерек үстөл жыйынында айтылды. Ал эми айрым бейөкмөт уюмдардын билдиргенине караганда, республикада “адам сатуу менен шугуулданган” топ 4-5 эсеге көп. Кыргызстандан сырткары жүргөн 1 млн. жакын эмгек мигрантарынын 15% алдоо жолу менен акчага сатылган.

Тегерек үстөл жыйынына катышкан 25 ашуун бейөкмөт уюмдары жана мамлекеттик кызмат өкүлдөрү “Адамдарды мыйзамсыз чыгаруу жана сатууга каршы” биргелешип иш алып баруунун моделдерин иштеп чыга турган болду.

XS
SM
MD
LG