Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

Кыргызстан элдик кыймылынын билдирүүсү


БИШКЕК. Кыргызстан элдик кыймылы коомчулукка билдирүү жолдоду. Билдирүүдө “Мамлекет башчы Аскар Акаевдин 9-декабрдагы Улуттук телевидение аркылуу жалпы өлкө элине кайрылуусунда “алдыдагы шайлоодо жазасы катуу көзөмөл жүргүзүлөт”, деген баасына караганда шайлоонун жүрүшү президент башында турган аткаруу бийлиги тарабынан көзөмөлдөнөт”,-деп айтылат. Ошондой эле шайлоо алдындагы атуулдук коомдун ролу тууралуу бир да сөз айтылган жок,азыркы аткаруу бийлигинин дагы бир мөөнөткө шайланууга тилеги бар. Ал эми Конституциянын жана мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу боюнча башкы прокуратурага берген көрсөтмөсү, бийликке жакпаган талапкерлерге сот тарабынан ыдык көрсөтүлүшүнөн белги берет. Президент Акаев ар дайым туура сүйлөйт. Бирок сөзү менен иши дал келбейт. Депутатыкка талапкерликке эң мыкты тандалган, тажрыйбасы мол адамды шайлоого добуш берүүгө үндөгөнү менен өзнүнүн жакындарынын депутаттыкка талапкерлигин колдоого жол берүүдө, деп айтылат билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG