Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Мисир жана Израил ортосунда соода келишими түзүлдү


Бүгүн Каир шаарында Мисирдин тышкы соода министри Рашид Мухаммед Рашид менен Израилдин вице-премьер министри Эхуд Олмерт эки өлкө ортосундагы соода өндүрүш тармагында кызматташуу келишимине кол койду. Ага ылайык, Каирден тышкары Мисирдин Александрия жана Порт-Саид шаарларында атайын өндүрүш аймактары түзүлөт. Ал жерде өндүрүлгөн буюмдар АКШга бажы төлөмдөрүсүз экспорттолот. Ошондуктан келишимге АКШнын соода өкүлү Роберт Зөллик да кол койду.Анын айтымында, бул келишим - мындан 25 жыл мурда эки өлкө ортосунда түзүлгөн тынчтык келишиминен кийинки кабыл алынган эң маанилүү документ болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG