Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Иракта улам жаңы жанкечтилик террор аракеттери ишке ашырылууда


Багдад шаарынын борборунда бир жанкечти машине жардырып жиберген. Андан бир адам өлүп, онго жакын киши жараат алган. Кечээ күнү жарылган бомбадан тогуз киши өлүп, жыйырмага жакын адам жарадар болгон. Фаллужа шаарында чыккан кагылышуудан кечээ күнү эки америкалык аскер окко учту. Америкалык учактар шаарды бүгүн бомбалады. Түндүктөгү Мосул шаарында болсо сегиз жаш баланын денеси табылды, алардын баары башка атып өлтүрүлгөн. Иракка бүгүн АКШнын биргелешкен аскерий ордосунун башчысы генерал Ричард Майерс келди. Өлкөнүн премьер-министри Айяд Аллавинин айтымында болсо, Абу Мусаб аз-Заркавинин жакын жардамчыларынын бири - Хасан Ибрагим Фархан өлтүрүлдү. Мурдагы президент Саддам Хусейндин жардамчысы Изеддин ал-Мажжид менен кошо дагы бир нече адам дүйшөмбү күнү кармалган.

XS
SM
MD
LG