Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Оппозициячыл Траян Бесеску Румыниянын жаңы президенти


Жаңыл Жусупжан, Прага Румынияда оппозициячыл талапкер Траян Бесеску президенттик добуш берүүдө жеңип алды. Шайлоонун экинчи айлампасында ал борборчул-солчул өкмөт башчысы Адриан Настасени болгону 3 пайыз айырмасы менен жеңип чыкты. Басеску учурдагы президент Ион Илиэскунун ордун басмакчы

Добуштар дээрлик толук саналып бүткөндөн кийин, Румыниянын борбордук шайлоо бюросу ушул дүйшөмбүдө Бесескунун добуштардын 51.23 пайызын, ал эми премьер-министр Андриан Настасе 48.77 пайызын алгандыгын жарыялады.

Ушул эле күнү Настасе женилгенин мойунга алды:

- Жыйынтыктарга караганда, Триан Бесеску Румыниянын кийинки президенти болуп калды. Бул - румындардын каалоосу жана мен аны урматтайм.

Бесеску - Бухаресттин мэри, мурда унаа министри болгон. Шайлоодо экономикалык реформаларды, салыктарды төмөндөтүүнү жана коррупцияга каршы күрөштү негизги максаты катары тутунган биримдикти баштап чыккан.Бул альянс анын борборчул-солчул Демократиялык партиясынан жана борборчул-оңчул Улуттук Эркиндик партиясынан турат.

Настасенин өкмөтү бийликте турганда экономика ирденип, өлкө НАТОго кошулду. Бирок коррупциянын жайылышы жана жакырчылыктын өсүүсү анын партиясына шайлоодо упай алып келген жок.

Эки талапкер тең Румыниянын 2007-жылы Европа Биримдигине кирүүсүн туура көрүшөт. Бирок Евробиримдик Румынияда реформалар чамдабаса, бул кезек кийинкиге калтырылышы мүмкүн деп эскерткен.

28-ноябрда өткөн алгачкы айлампада Бесески шайлоо ири масштабда бурмаланды деп чуу көтөрүп, анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Румынияда президенттин ыйгарымдары чектелүү, бирок Бесеску өкмөт башчысына талапкерди көрсөтө алат. Ноябрдагы парламенттик шайлоодо эки талапкердин партияларынын бири да көпчүлүктү түзө турган мандатка ээ боло алган эмес.

Өткөн жекшембидеги шайлоодо Настасе да, Бесеску да өздөрүн жеңүүчү деп жарыялашкан. Настасе бийликтеги Социал-демократиялык партиянын баш кеңсесинен буларды айткан:

- Мындан ары биз Европа Биримдигинин да, биздин партиянын байрагына да түспөлдөш болгон көк түстү азыркыдан артык аздектейбиз. Биз сүйгөн көк түс - европалык Румыниянын түсү.

Бухаресттин борборунда болсо Бесескунун жүздөгөн колдоочулары чогулуп, өз талапкеринин тынчтанууга чакырган бул сөздөрүнө кулак түрүшкөн:

-Силер оппозициячыл альянстын мыйзамды сыйлаган шайлоочуларысыңар. Биз мыйзамды сыйлабасак, өлкөнү тикелей албайбыз.

Бесеску сүйлөп жатканда альянстын саргыч байрагын жана саргыч түстөгү үйлөмө шарларды булгалаган демонстрантты жүздөгөн полициячылар курчап турушту.

Украинада да оппозициянын түсү саргыч түс, бирок Киевден айырмаланып, Бухарестте өлкөнү мындан ары ким башкараары дайын болуп калды.

XS
SM
MD
LG