Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

ТҮРКИЯНЫН ЕВРОБИРИМДИККЕ КАБЫЛ АЛЫНАРЫ АЧЫК ЭМЕС...


Европарламент кийинки олтурумунда, Түркия боюнча компромисстик билдирүүнү кабыл алды. Бул чечим Түркия менен сүйлөшүүлөрдү баштоонун жолу ачылгандай болсо дагы, анда Армияндардын “генодцид” маселесинин камтылышы, Анкаранын алдында турган далай кыйынчылыктардан кабар берип олтурат.

Европарламенттин кийинки олтурумунда, Түркия тууралуу компромисстик докладдын кабыл алынуусу аркылуу Анкара, биримдик менен мүчөлүк сүйлөшүүлөр баштоо жаатында абдан кыйын босогону аттады. Түркиянын Евробиримдикке мүчө болушуна каршы болгон өлкөлөр менен Анкаранын ортосунда кийинки күндөрдүн ичинде кыйла алоолонуп кеткен риториканын тушунда, Страсбург калаасында жыйылган европарламент “Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөргө эч кандай бир шарт кошпой жана кечиктирбей баштоону” сунуш кылган Түркия докладын 262 каршы жана 407 макул добуш менен жактырып чыкты.

Милдеттендирүүчү мүнөздө болбогон менен, парламенттин бул токтому, жума күнү өткөрүлүүчү, биримдиктин өкмөт жана мамлекет башчыларынын саммитинен чыкчу чечимге Түркиянын пайдасына таасир этүүсү күтүлөт. Парламент кийинки олтурумунда айрыкча алганда, докладга “Түркияга толук мүчөлүктүн ордуна ‘артыкчылыктуу өнөк’ деген статус берүү жөнүндө беренени киргизүү“ тууралуу сунуштар да четке кагылды.

Голландиялык парламентер Чамиел Еарлингс тарабынан даярдалып, бир нече жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген Түркия докладына карата, Түркиялык саясий байкоочулардын алгачкы мамилеси ‘оптимисттик’ маанайда болду. Бирок, анда жымсалдалган түрдө болсо дагы, Түркиянын Кипрдеги грек-рим мамлекетин таануусу, сүйлөшүүлөр башталып калган кезде Түркиянын, биринчи дүйнө согушу учурунда осмондуу армиясы Армяндарга каршы генодцид кампаниясын жүргүздү делинген талаптанууну кабыл алуусу керек экени билдирилди. Бул да болсо, жума күнкү саммиттен оң мүнөздүү чечим чыгып калган абалда дале, Түркия менен Биримдиктин ортосунда башталуучу сүйлөшүү жараяны, Анкараны аябай түйшөлтүүчү, абдан кыйын бир жараян болорунан алдын ала кабар берип олтурат. Ансыз деле, Түркиянын мүчөлүгүнө карата мамилеси эки-арсар болуп келген Франция сүйлөшүү жараянынын жүрүшүндө, генодцид маселесин Түркиянын алдына кое турганын күн мурунтан жар салган эле. Францияда жашаган армян диаспорасынын өкүлдөрү, кечөкүнү Парижде чыгуучу Ле Монде гезитинде жарыяланган жана Франциянын Президенти Жак Ширактын дарегине арналган кайрылууларында, “Түркия генодцидди моюунга алмайынча, жума күнкү саммитте Түркияга каршы чыгууну” талап кылышты.

Алардын бул талабын адегенде Франциянын тышкы иштер министири Мишел Барнийе колдоп чыгып, бул маселени сүйлөшүүлөрдүн алдынкы шарты катары ортого коюусу мүмкүн экенин билдирди. Түркиянын Премьер- Министири Режеп Ердоган болсо, шейшемби күнү Анкарада, Евробиримдик өлкөлөрүнүн башэлчилери үчүн уюштурган сый тамак учурунда чыгып сүйлөп, “Евробиримдикке мүчөлүк Түркиянын алдындагы, ‘болбосо-болбой турган бирден-бир альтернатива эмес” экенин, Түркия кабыл алынгыс шарттар коюлган абалда, сүйлөшүүлөрдөн шарт-эте баш тарта аларын эскертти. Түркиянын Тышкы иштер министири Абдуллах Гүл дагы, Брюссел калаасына жөнөп кетерден алдын уюштурулган маалымат жыйынында, өз өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрдү кабыл алуу критерийлерин дагы бир жолу кайталады.

“Баштала турган сүйлөшүүлөрдүн көздөгөн таасын бутасы толук мүчөлүк болуш керек. Сүйлөшүүлөрдүн качан башталары, экинчи бир чогулушту талап кылбагыдай түрдө ачык-айкын такталышы керек. Андан сырткары, Евробиримдиктин юрисдикциясына шайкеш келбеген талаптар коюлуп жатат. Булар легалдуу талаптар боло албайт. Оңдолуп чыгышы керек” деди Абдуллах Гүл Мырза.

XS
SM
MD
LG