Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

ИРАК: ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮ БАШТАЛДЫ


Шаршембиде Иракта шайлоо өнөктүгү башталды. 30-январда өлкөнүн 275 орундуу улуттук жыйынына (ассамблеясына) добуш берүү өтмөкчү. Ассамблея өз кезегинде жаңы өкмөттү тандап, конституциянын долбоорун иштеп чыгууга тийиш. Шейшембиде болсо Ирактын утурумдук өкмөт башчысы эски режимдин айрым төбөлдөрү эмки жумада соттоло баштайт деп билдирген.

Ирактын саясий партиялары менен коалиция, кыймылдарына жалпы улуттук шайлоого өз талапкерлерин көргөзүү үчүн 15-декабрга чейин убакыт берилген эле. Шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү ырастагандай, 70ге жакын партия өнөктүккө катышуу ниетин билдирди. Алардын арасында сунни мусулмандардын топтору да бар.

Буга чейин суннилердин айрым лидерлери америкалык аскерлердин Фаллужа шаарындагы аракеттерине нааразы болуп, добуш берүүнү байкоттоого чакырып келишкен.

Лондондук аналитик Яхья Саид кабарчыбыз Валентинас Митеге берген интервьюсунда Ирактын саясий партиялары экономикалык реформалар же федерация маселелерине карата өз турумун билдирише электигин белгилейт:

- Шайлоону башка убакытта өткөрүү сунуштары көп айтылды. Атуулдук согуш жөнүндө, суннилерди шайлоо жараянынан четтетүү керектиги тууралуу да көп сөз кылынды. Бирок ат салышууга даярданып жаткан партиялардын оозунан алардын саясий программалары жөнүндө бир да сөз чыга элек. Талапкерлер элге эмне бере алышат, көз караштары кандай, мисалы, чет өлкөлүк аскерий контингент жөнүндө ойлору кандай. Шайлоо өнөктүгүндө бул эң маанилүү нерселер.

14-декабрда Ирактын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Аййад Алави Саддам айрым төбөлдөр адамзатка каршы жасаган кылымыштары, согуш кылмыштары үчүн эмки жумада соттоло баштайт деп жарыялаган эле.
Премьердин айтымында, эски режимдин символдоруна айланган адамдар бирден соттолот. Ал эми Саддам Хусейндин процесси качан башталаары белгисиз.

Аналитик Саид Алавинин билдирүүсү анын шайлоо кампаниясынын бир бөлүгү, жарыянын мааниси андай деле чоң эмес деген ойдо:

- Сот процесси эмки аптада башталат. Ал тез эле аяктай калбайт. Менимче, бул - Алавинин шайлоо кампаниясынын алкагында жасалган билдирүү. Премьер жөн гана бул иште прогресс бар деп көрсөткүсү келди. Анын оюнда, калк муну позитивдүү кабыл алат. Бирок сот өтө жай жүрөөрүнө көзүм жетип турат.

Шаршембиде Ирактын коргоо министри Хазим ал-Шаалан Саддамдын жакын адамдарынын бири, “Химик Али” деген ат менен белгилүү Али Хасан ал-Мажид биринчилерден болуп соттолоорун айтты. Аналитик Саиддин пиикринде, ал-Мажид өңдүү фигуранын үстүнөн жүрүчү процесс утурумдук өкмөттүн аброюн арттырмакчы.

Хусейндин адвокаттары болсо сотту уюштуру иштерине нааразы болушууда. Топтун атынан сүйлөгөн Зиад Хасавнех Ройтерске билдиргендей, адвокаттарга айыпталуучулар менен консультация өткөрүүгө убакыт берилген жок. Мындай шартта өткөн процесс саясий шоуга айланып калат.

Саддамдын адвокаттарынын бири Мохамед ал-Рашдан сотту азыр баштоо пландарын саясий өңүткө ээ деп, аны сынга алды:

- Өкмөт саясий себептерден улам, шайлоо алдында олуттуу бир кадам таштагысы келди. Бийликтегилер процесс добуш берүүгө чейин болот деп айтып келатышты эле, эми өз сөзүн аткарышууда.

Рашдан сот адилет болот деп ишенбей турганын айтат:

- Айыпталуучулардын адвокаттары процесске даярданууга мүмкүнчүлүк алышкан жок. Анын үстүнө Багдад өкмөтү аларды четтетип, өздөрүнүн адвокаттары менен алмаштырып коюшу да ыктымал.

XS
SM
MD
LG