Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Израил эл аралык саммит уюштурууну сунуш кылды


Тышкы иштер министри Силван Шалом кечээ ушундай билдирүү жасады. Палестин лидери Ясир Арафат каза болгон соң региондогу тынчтык процессин кайра жандантканга жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн белгилеп, жөөт министри былтыр жайда Иорданиянын Акаба шаарында өткөрүлгөн жыйын өңдүү жаңы саммит уюштурууну сунуш кылды. Мунун алдында Лондондо чыгуучу арап гезиттеринин биринде басылган маегинде Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун азыркы башчысы Махмуд Аббас Израилге каршы куралдуу адабатты токтотуу зарылдыгын билдирген эле. Аббастын бу чакырыгын Кошмо Шаттары кубаттады.

XS
SM
MD
LG