Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

Бүгүн Брюсселде Евросоюз менен Түркиянын саммити башталат


Жыйын эки күнгө созулат жана Түркияны союзга мүчөлүккө алуу маселеси талкууланат. Европарламент кечээ шаркеттин жетекчилигин Анкара менен сүйлөшүүлөрдү баштоого, ал эми түрк өкмөтүн демократиялык реформаларды улантууга,Кипр проблемасын чечүүгө чакырды. Франциянын президенти Жак Ширак Түркиянын союзга алынышы жалпы Европанын кызыкчылыктарына ылайык келерин ырастап,ошол эле учурда Анкара коюлган талаптардын баарын толук аткарышы керектигин белгиледи. Түркиянын премьер-министри Режеп Эрдоган бул билдирүүлөрдү кубаттады, бирок кокус Евросоюз кабыл алгылыксыз талаптарды койчу болсо, Анкара шаркетке кирүүдөн баш тартышы мүмкүн экенин да эскертти.

XS
SM
MD
LG