Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Ирактын өкмөтү эски армиянын айрым кадрларын кайра кызматка чакырды


Премьер-министри Ияд Аллави өкмөт армияны заманбап аскери жарак-жабдыктар менен камсыздап,анын күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлге жеткирүүнү пландап жатканын айтып,куралдуу күчтөр саясатка кийлигишпейт, конституцияга гана баш иет деп билдирди. Улуттук армия, коопсуздук күчтөрү канчалык ылдам тикеленсе, эл аралык күчтөргө Ирактан ошончолук эрте кеткенге мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ирактын мурдагы армиясын толук таркатуу жөнүндөгү коалициянын чечимин Аллави жана башка лидерлер натуура кадам болгон деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG