Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

16-декабрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин шашылыш билдирүүсү боюнча, 16-декабрда Жалалабад, Ош облустарынын тоолуу аймактарында ошондой эле Бишкек-Ош автожолунун 121-138 жана 198-257 чакырым аралыктарында көчкү жүрүшү мүмкүн.

16-декабрда Кыргызстандын айрым жерлерине кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалалабад, Баткен аймактарына туман түшөт.

Абанын температурасы:
ЫСЫККӨЛ, ЧҮЙ өрөөндөрүндө түнкүсүн –1…-6 градус суук, күндүз +4…+9 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн –3…-8 градус суук, күндүз +2…+7 градус жылуу.
БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД, ОШ аймактарында түнкүсүн –2 градус сууктан +3 градуска жылуу, күндүз +3…+8 градус жылуу болот.
НАРЫНДА түнкүсүн –2…-7 градус суук болуп, күндүз 0…+5 градус жылуу болушу күтүлөт.
БИШКЕКТЕ кар жаабайт. Түнкүсүн –1…-3 градус суук, күндүз абанын жылуулугу +6…+8 градуска жетет.


Жаңылыктар топтомун Бурулкан Сарыгулова , Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды


Редактору Султан РАЕВ.

XS
SM
MD
LG