Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:10

Шайлоо округдары дагы өзгөртүлөт


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча буга чейин аныкталган шайлоо округдары дагы бир жолу өзгөртүлөт. Бул маселе Борбор Шайлоо комиссиясынын 20-декабрга чейин өткөрүлө турган жыйында аныкталат. Бул тууралуу Борбор Шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынын жетекчиси Нина Мухина бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Борбор Шайлоо комиссиясынын үстүбүздөгү жылдын он үчүнчү декабрдагы жыйында «Шайлоо округдарынын схемасын өзгөртүү жөнүндө» токтом кабыл алынган. Ага ылайык Баткен облусундагы Айдаркен, Кадамжай жана Кызылкыя шайлоо округдарында бир катар өзгөртүүлөр болгон. «Мындай өзгөтүүлөр боюнча коомчулуктан ар кандай нааразылыктар, сунуштар көп түшкөндүктөн Борбор Шайлоо комиссиясы шайлоо округдарын дагы өзгөртүүгө мажбур болууда» деп кошумчалды Борбор Шайлоо комиссиясынын маалымат кызамат жетекчиси Нина Мухина.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG