Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:53
БИШКЕК. Коопсуздук кызматы менен ички иштер министрлиги кечирим сурамайынча, тергөөчүгө жооп бербей тургандыгын бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында укук коргоочу Турсунбек Акун билдирди. Турсунбек Акун 15 күн дарексиз жоголуп, кайра табылган. Өзүнүн дарексиз жоголушун коопсуздук кызматы менен байланыштырган. Ушундай эле көз карашын маалымат жыйынында да кайталады жана учурда ден соолугу начар экендигин белгиледи.
Турсунбек Акундун жоголуп, кайра табылышына байланыштуу 2-декабрда берген маалымат жыйындарында коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Токон Мамытов менен Ички иштер министринин маалымат катчысы Жолдошбек Бусурманкулов окуяны «саясий оюн» катары баалаган.
Укук коргоочу өткөргөн маалымат жыйынын соңунда тергөөчү Нурлан Мамбеталиев Турсунбек Акун ишти териштирүүгө келбей жатканын, үч ирет чакырууга жооп бербесе, ички иштер башкармалыгына күч менен алынып келинерин билдирди.
Турсунбек Акундун жоголуу фактысы боюнча Бишкек шаардык ички иштер кызматы кылмыш ишин козгогон. Турсунбек Акунга 16-ноябрдан баштап 15 күн издөө салынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG