Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Мисир Ашыркуловго байланышкан сот иши уланууда


БИШКЕК. Бүгүн Биринчи май райондук соту Коопсуздук кызматынын мурдагы катчысы Мисир Ашыркуловго кол салуу фактысы боюнча сот отурумун улады. Бул ирет сот айып тагылып жаткан Таалайбек Момуновго карата экинчи ирет чыгарылган медициналык тыянакка байланыштуу эксперттер тобунун маалыматын укту. Бул корутунду 26-ноябрдагы отурумунда жарыяланган жана анда дарыгерлер айыпталуучунун психикалык саламаттыгы начар деген бүтүмгө келген. Бирок, жабырлануучу тараптын жактоочусу корутундуну чындыкка дал келбейт деп эсептеп жатат. Мисир Ашыркулов соттон медициналык комиссиянын мурдагы жана кийинки курамына кирген төрт дарыгерди келерки отурумга катыштырууну суранды. Комиссиянын мурдагы корутундусунда жабырлануучунун психикалык саламаттыгы жакшы деген тыянак чыгарган. Ашыркуловго кол салуу фактысы 2002-жылдын 6-сентябрында болгон.

XS
SM
MD
LG