Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

16-декабрда Кыргызстан элдик кыймылынын Ош облустук бөлүмү билдирүү таратты


ОШ. Билдирүүнүн негизги мазмунунда кыймылдын райондук штабдарын түзүү боюнча эл менен жолугушууга жана жер-жерлерде чогулуштарды өткөрүүгө жергиликтүү күч органдарынын кызматкерлери бут тосуп жаткандыгы айтылат. 15-декабрь күнү Өзгөн шаарында «Кыргызстан элдик кыймылынын» райондук штабын түзүү боюнча жыйынга чогулган адамдарды райондук ички иштер жана Улуттук коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери коркутуп-үркүтүү жана алдоо жолу менен таркатууга аракет кылышкан. «Жергиликтүү күч органдары биздин мыйзамдуу иш аракеттерибизге тоскоолдук кылуусун уланта бере турган болсо, мындан ары биз аларга карата адекваттуу чараларды көрүүгө мажбурбуз» деп айтылат билдирүүдө. «Кыргызстан элдик кыймылынын» Ош облусу боюнча райондук штабдары ушул жылдын 25-декабрына чейин түзүлүп бүтүп, ишке киришмекчи. Мындай маалымат бүгүн кыймылдын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Керим Макеевден алынды.

XS
SM
MD
LG