Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:00

Бишкек шаардык мэриясы Киев көчөсүнө А.Масалиевдин ысмын берүүдөн баш тартты


Бишкек шаардык мэриясы белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев ысмын Бишкектеги Киев көчөсүнө берүү тууралуу Жогорку Кеңештин сунушун кабыл алган жок. Мыйзам чыгаруу жыйыны Киев көчөсүн Абсамат Масалиев атындагы көчө деп атоону Бишкек шаардык мэриясына сунуштаган токтомду быйыл 3-сентябрда кабыл алган. Мэрия Кыргызстандагы украиндардын «Берегиня» коомунун жана Украина элчилигинин өтүнүчү боюнча Киев көчөсүн Абсамат Масалиев көчөсү деп атоодон баш тарткан чечим чыгарган. Мамлекеттик ишмерлер эстелиги орнотулган аллеяга Абсамат Масалиевдин эстелик-бюсттун орнотууну болсо президент алдындагы атайын комиссия чечсин, ал эми Эркиндик проспектиндеги Масалиев жашаган үйгө мемориалдык такта орнотууну Бишкек мэриясы мойнуна алат, деп жазылган мэрдин орун басары кол койгон документте.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG