Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

Акыйкатчы «дедовщинага» каршы


БИШКЕК. Жоокерлердин жана жаза өтөө мекемелеринде кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын укугу менен эркиндигин коргоо жаатында мыйзамдарды жакшыртуу зарыл. Мындай маалыматты бүгүн Акыйкатчынын басма сөз кызматы таратты. Маалыматка караганда, буга армияда жана жаза өтөө мекемелеринде «дедовщина» же кичүүлөргө улуулардын кысым көрсөтүп, укугун басмырлоосу түрткү берет. Юстиция министри Нелля Бейшеналиеванын Акыйкатчыга берген маалыматы боюнча ушул жылдын тогуз айынын ичинде жаза өтөө мекемелеринде кызмат кылган жоокерлер арасында уставга жат 5 окуя болгон. Алардын экөө боюнча материал аскер прокуратурасына жөнөтүлгөн. Ал эми Ички иштер министри менен Улуттук коопсуздук кызмат жетекчилери өз тармактарында мындай тартип бузуулар болбостугун кабарлашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG