Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

«Жылдын инсандары» тандалды


БИШКЕК. Тутумуна КМШдагы беш мамлекеттин өкүлдөрү кирген «Жылдын тандоосу» аттуу конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, президент Аскар Акаев «Жылдын саясатчысы» деген наамга ээ болду. «Жылдын юристи» деген наамга Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов, «Жылдын публицисти» деген наамга «Агым» гезитинин ээси Мелис Эшимканов, «Жылдын врачына» хирург Эрнст Акрамов ээ болду. Ал эми продукциясы мыкты ишканалардын арасында сыйлыкка ун чыгарган «Акун» фирмасы менен улуттук жарма чыгарган «Шоро» фирмасы,банктардын ичинен «Кыргызстан» банкы мыкты деп бааланды. Андан тышкары бул жолу искусство жана аскер кызматкерлеринин арасында да сыйлык белгиленип, ага балерина Бүбүсара Бейшеналиева менен Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Калыйнур Усенбеков татыды.Сыйлык ээлерин тандоо үч баскычта элдин, тармак өкүлдөрүнүн жана эксперттердин пикирин сурамжылоо аркылуу жүргүзүлдү.

XS
SM
MD
LG