Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:57

КЭК менен Атажурт өнөктөштүк тууралуу макулдашууга жетишти


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстан элдик кыймылы менен Атажурт коомдук–саясий кыймылынын ортосунда өнөктөштүк кызматташтык жөнүндө макулдашууга жетишилди. Бул тууралуу элдик кыймылдын басма сөз кызматынын жетекчиси Замира Сыдыкова билдирди. Анын айтымында, макулдашууга кыймыл лидери Курманбек Бакиев, Атажурт тарабынан Роза Отунбаева кол койду. Бул макулдашууга ылайык тараптар парламенттик шайлоо убагында кызматташууга барышат. Өлкөдө өтүп жаткан ар кандай саясий-экономикалык окуяларга, мыйзамдык өзгөрүүлөргө биргелешип реакция жасап, бирдиктүү позиция менен чыгууга аракеттенишет. 9 партия биригип түзгөн Кыргызстан элдик кыймылы жана өлкөдөгү белгилүү саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары түзгөн Атажурт кыймылы келерки жылы парламенттик шайлоонун адилет, акыйкат өтүүсүнө, президенттик шайлоодо бийликтин мыйзам жолу менен алмашуусуна жетишүүнү максат кылып коюуда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG