Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

2005 жылдын бюджети кабыл алынды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны өлкөнүн 2005-жылдагы бюджети жөнүндөгү мыйзамды кабыл алды. Бул күнү депутаттардын суроолоруна Каржы министри Болот Абилдаев жооп берип, сессиянын мурунку баскычында депутаттардын талабынын негизинде бюджеттин киреше бөлүгүнө 416 миллион сом кошумча табылгандыгын билдирди. Натыйжада келерки жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн 16 миллиард 87 миллион сом, чыгаша бөлүгүн 16 миллиард 813 миллион сом боло турган болду. Мамлекеттик бюджет кыргыз сомунун АКШ долларына карата катышы 44 сом деп саналды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG