Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:43

ТҮРКИЯНЫН ЕВРОБИРИМДИККЕ КАБЫЛ АЛЫНЫШЫ ЕВРОПАЛЫКТАРГА ПРОБЛЕМА ЖАРАТАБЫ?


Европа биримдигинин лидерлери Түркияны мүчөлүккө кабыл алуу чечимин колдоп жатканда, биримдиктин айрым мүчөлөрү каршы чыгууда. Алар Түркиянын Евробиримдикке кабыл алынышы менен бир топ экономикалык проблемалар жаралышы мүмкүн деп эсептешет

Европалык лидерлердин Брюсселдеги саммитте Түркиянын пайдасына маселенин чечилээри ыңгай салып турат.Эгерде Түркия Евробиримдикке алынып кала турган болсо, мындан 40 жыл жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн акыбети кайтмак. Бирок, ошол эле учурда Түкиянын толук кандуу мүчөлүккө өтүүсү үчүн бери дегенде 10-15 жылга созулган сүйлөшүүлөр марафону башталмакчы.

Түркиянын мүчөлүк жараянынын ушундай кыйын жана узакка созулары айрым чөйрөлөр тарабынан, бул өлкөнүн мусулман дүйнөсүнүн өкүл болгону менен байланышта карашат.Евробиримдиктин курамы жалаң христиан дининдеги өлкөлөрдөн турат. Аналитиктер Түркияга карта жасалган тоскоолдуктардын негизи катары диний факторду да маанилүү маселе катары эсептешкендигин айтышууда. Европалыктардын баамында , 70 миллион калкы бар бул өлкөнүн мүчөлүккө кабыл алынуусу бир кыйла экономикалык кыйынчылыктарды алып келүүсү мүмкүн. Ошол себептүү Евпробиримдикке кабыл алуудагы тоскоолдоуктардын да негизи бар сыяктанат. Түркия мүчөлүккө кабыл алынып калса Европага карай жумшусуз түрктөрдүн сели агылышы мүмкүн, бул жараян европа өлкөлөрүн бир кыйла чочутат.
Айрым экономисттердин пикиринде, Түркиянын мүчөлүкө өтүшү европалыктарга түйшүк алып келиш нары турсун, тескерисинче, Европалык ишкер чөйрөлөр үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып бермекчи. Маселен, “Морген Станлей Банктын” экономика боюнча адиси Серхан Чевиктин пикиринде, күнүңкү жагдайга гана карап баа бергенде, Түркиянын биримдике мүчөлүгү кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык түйшүк алып келчүүдөй көрүнгөнү менен, маселеге бул өңүттөн караш каталык болор эле. Анткени, Түркия бери дегенде 10 жылдан кийин гана биримдикке толук мүчө болоалат.

Шаршемби күнү кечинде, телевизор аркылуу элине кайрылуу жасаган Франциянын президенти Жак Ширак дагы, Түркиянын экономикалык потенциалынан сөз козгоп, Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн баштоо керек экенин билдирди. “Түркиянын мүчөлүгү европанын таламдарына төп келет” деген Ширак, “Түркия эбегейсиз чоң базар жана экономикалык жааттан алып караганда күчтүү бир өлкө. Түркиянын кошулуусу менен Евробиримдиктин күчүнө күч кошулат” деди.

Евробиримдиктин чоң өлкөлөрүнө салыштырмалуу, Түркияда адам башына чегерип эсептегенде улуттук киреше алда канча төмөн экени талашсыз. Бирок, өзгөчө башкаруудагы өкмөттүн, эларалык акча фонду МВФтин жардамы менен жүргүзүп келе жаткан экономикалык белди бекем буу саясатынын шарапаты менен өлкө 2001- жылдагы терең кризистин кырсыктуу натыйжаларынан өзүн арылтып, экономика ылдам темпте өсүп келатат. Быйыл, өнүгүүнүн темпи 10 пайызды түзүп, инфлация 40 жылдан бери алгачкы жолу бир цифралуу көрсөткүчтөргө төмөндөдү. Айрым аналитиктердин баамында, Европанын базарлары биротоло тоюп, экономика бүтүндөй токтолуп калуунун эшигине келүүсү күтүлгөн 2015- жылдын тегерегинде, калкынын саны 80 миллионго жетери болжолдонгон Түркия тескерисинче, ачылбаган дың базар потенциалы менен, европалык ишкерлерге эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү ачмакчы. Андан сырткары, экономисттердин пикиринде, Европа менен Азияны тогоштурган географиясы жана Жакынкы чыгыштын бай өлкөлөрүнө жамаатташ туруму аркылуу дагы Түркия Европа ишкер чөйрөлөрү үчүн жаңыча базарларга кирүүнүн көпүрөөсү болмокчу. Бирок дешет аналитиктер, “Түркиянын колундагы эң маанилүү көзүрү, бул—демография. Анткени, Европада төрөлгөн балдардын саны улам кыскарып, элдик сандын курамындагы жаш муундардын үлүшү улам бөксөрүп баратат. Бул да болсо, кыска аралыктын ичинде Европада, пенсионерлердин акысын төлөй турган жетишердүү жумушчу калбай калат деген коркунучту пайда кылууда. А Түркияда болсо тескерисинче, элдин саны улам өсүп, демографиялык көрсөткүчтөр барган сайын жаш муундардын пайдасына алмашып жатат.
XS
SM
MD
LG