Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

КАДАМЖАЙДЫН ЖУМУШЧУЛАРЫ ИШ ТАШТОО АЛДЫНДА


Сапар Орозбаков, Бишкек Айрым маалыматтарга караганда, Кадамжай сурьма комбинатынын жумушчулары бир жылдан бери айлык ала электигин айтышып, ишкананын жетекчилигин иш таштайбыз деп коркутушууда.

Кадамжай сурьма комбинатынын жумушчулары иш таштаган жатат деген сөз биринчи жолу премьер-министрдин оозунан чыккан эле:

-Жумушчулар иш ташташканы жатышат. Маселе чечилбесе мен деле ошондой кылмакмын–
деген болчу Николай Танаев дүйшөмбү күнү өткөрүлгөн селектордук жыйында.

Биз бул маалыматты тактайлы деп комбинат менен байланыша албай койдук. Анткени комбинат телефондун акысын төлөбөгөндүктөн, аны өчүрүп коюшуптур. Ал эми райондук администрацияга кайрылсак ,ал жердегилер абал тынч эле дешти:

-Бул маселе өкмөттө чечилип жатыптыр. Андай ойлору болбосо кереk –
деди Кадамжай райондук администрация башчысынын орун басары Таштемир Саматов комбинатта дүйшөмбү күнү эле болуп келгенин билдирип. Анын айтымында, премьер-министр 5 млн сом бөлүп берип, жумушчулар ошону менен токтоп калышкан.

Бирок Тоо-кен өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик биримдик федерациясына кайрылганыбызда, алар абал курч экенин ырасташты:

-Кырдаал курч. Эмгекчилердин нааразычылыгы жетер чегине жетти. Баардыгы жолду тосуп, райондук администрацияны жана башка имараттарды жабабыз деп жатышат –
деди аталган федерациянын юристи Эльдар Тажибаев. Анын айтымында, жумушчулар бир жылдан бери айлык ала элек.

-Иш таштоо боюнча комитет түзүлдү. Анын башында кесиптик биримдик турат. Жакынкы күндөрү митинг өткөрүшкөнү жатышат. Тилекке каршы, алар кайсы күнү өткөрүшөрү тууралуу маалыматты биз ала албай жатабыз-
деп кошумчалады Эльдар Тажибаев. Ал ошондой эле комбинат 3 айдан бери таптакыр иштей электигин, жумушчулардын баары акы төлөнбөгөн эс алууга жиберилгенин билдирди.

Кадамжай сурма комбинаты 2001-жылы «Кыргызалтын» акционердик коомуна өткөрүлүп берилген. «Кыргызалтын» акционердик коомунун президентинин жардамчысы Асек Балабеков комбинат азыр өз өнөктөштөрүнө 250 млн сомго жакын карызы бар экендигин айтты. Анын ичинде жумушчуларга болгон карыз 14 млн сомду түзөт. Анын айтымында, комбинаттын иши 2-3 жыл мурун сурьманын баасы түшүп кеткенден баштап начарлай баштаган. «Азыр баа кайра жогорулады, эгерде комбинатка жардам берсе, ал иштеп кетет эле» дейт Асек Балабеков. Анын айтымында, «Кыргызалтын» комбинаттын карызын артка жылдыруу тууралуу сунуш менен өкмөткө эки жолу кайрылган. Бирок, маселе туура чечилген эмес:

-Каржы министрлиги жана өзгөчө социалдык фонд карыздардын төлөө мөөнөтү жасалма түрдө чоюуга мүмкүн эмес деп болбой коюшту - деди Асек Балабеков.

Анын айтымында, акчанын жоктугунан комбинатты сатуу тууралуу ой келип чыккан. Бирок быйыл октябрда өткөрүлгөн тендер, анын шарттары бузулгандыктан, жараксыз деп табылган. Тендер жакын арада кайра өткөрүлгөнү жатат. Бир сөз менен айтканда өкмөт инвесторго зор үмүт артууда.

XS
SM
MD
LG