Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

Экс-элчилер 27-февралда боло турган парламенттик шайлоого талапкердигин коё турган болду. Мурдагы элчилер Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абылов Конституциялык сот коллегиясынын тыянагынан кийин ушундай чечимге келишти. Соттордун курамы кечээ мыйзамда элчилердин укугу бузулган жагдай жок деген бүтүм чыгарып, ишти козгоодон баш тартты.

Экс-элчилердин парламенттик шайлоого укугуна байланышкан маселе бир айдан ашык убактан бери талаш-тартыш жаратып келатат. Буга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин Шайлоо кодексинин 69-беренесине карата түшүндүрмөсү негиз берген. Анда чет өлкөдөгү атуулдардын шайлоо алдында беш жыл Кыргызстанда жашоого милдеттүүлүгү жана мындай атуулдардын катарына элчилер да кирээри жөнүндө айтылат.

Мурдагы элчилер мындай түшүндүрмөнү чет өлкөдө иштеген дипломаттардын атуулдук укуктарын чектегендик катары баалашып, өткөн аралыкта парламентке, президентке жана Борбор шайлоокомго кайрылышкан. Экс-элчилердин бири, оппозициячыл саясатчы Мамбетжунус Абыловдун айтымында, Борбор шайлооком өз жообун төмөнкүдөй негиздеген:

- Борборшайлооком мындай деп айтып атат: мурда элчилер шайлоого катышып жүргөн. Себеби, «Шайлоо кодексинин» 69-беренесинин биринчи пунктунда алты айлык чек коюлган кошумча жок болчу. Канча мезгил бою сыртта жүрсө деле элчи өлкөгө келип шайлоого катыша берчү. Маселен, Айтматовду ошонун негизинде каттаганбыз, деген ойду айтып атышат.

Баш мыйзамдын 56-беренесине таянган элчилер шайлоо кодексинин 69-беренесинин дал ушул алты айлык чекти белгилеген жобосун жокко чыгарып берүү сунушу менен Конституциялык сотко эки ирет кайрылышты. Бирок, Конституциялык сот бул маселени жеке судьянын жана коллегиянын кароосунан өткөрүп, экөөндө тең мыйзамда элчилердин укуктарын бузган жагдай жок деген негиз менен иш козгоодон баш тартты.

Ага жараша Конституциялык Сот «Шайлоо кодексинин» аталган жобосу Баш мыйзамга дал келээр-келбесин аныктаган жок. Судья Марат Кайыповдун айтымында, Конституциялык сот ишти тигил же бул конкреттүү фактылардын гана алкагында арызды кароо укугу бар жана Борбор шайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманбаевдин түшүндүрмөсү ишти өндүрүшкө алууга негиз боло албайт:

- Анын сүйлөгөн сөзү мыйзам эмес. А Конституциялык сот мыйзамды Конституцияга каршы деп табат. Бул элчилердин чочуганы – ошол Сулайман Иманбаев берген түшүндүрмөгө байланыштуу каттабай коёт деген санааркоосу гана. Ошонун негизинде гана алар бизге кайрылып атышат.

Марат Кайыповдун пикиринде ушундай жагдай түзүлгөн шартта да элчилер өз укуктарын оболу райондук соттор аркылуу коргошу керек:

- БШКдагылар элчилер "Кыргызстан аймагында жашаган эмес" деген тыянак чыгарышып, ошонун негизинде аларды каттабай койсо, анда булар өздөрү талапкер болгусу келген шайлоо чөлкөмү жайгашкан райондук сот аркылуу өз укуктарын коргой алышат.

Бирок, экс-элчилер алардын талапкердигине байланыштуу көтөрүлгөн бул маселени саясий боёгу бар маселе катары санап жатышат.

Маселен, жакында жаңы түзүлгөн «Ата журт» кыймылынын башчыларынын бири, мурдагы тышкы иштер министри жана мурдагы элчи Роза Отунбаеванын айтымында, бул тоскоолдук айрым саясатчыларга каршы атайын багытталган иш-аракет:

- Мурунку элчилерге, көрүнүктүү саясатчыларга каршы атайын жазылган берене.

Ошондуктан, айрым мурдагы элчилер күрөштү улантуудан башка жол жок деп санашат:

- Каттоого берген күндөн баштап округдук шайлоо комиссиялары он күндүн ичинде талапкердикке каттоодон негиздүү баш тартышы керек же катташы керек. Эгерде алар баш тартса, жергиликтүү сотко кайрылабыз. Эгер алар да БШК туура чечти дей турган болсо, анда көзөмөл тартибинде Жогорку Сотко кайрылабыз. Алар беш күндүн ичинде жооп бериши керек. Андан майнап чыкпаса, Конституциялык сотко кайрылабыз.

Элчилердин бул маселесин азыр саясатчылар ар кыл өңүттө талдап жатышат.

Элчилердин пикирлерин негизинен көз карандысыз саясатчылар, бейөкмөт уюмдар колдоп, муну дүйнөлүк практикада жолукпаган көрүнүш катары баалашууда.

«Шайлоо кодексинин» 69-беренеси боюнча БШК төрагасынын түшүндүрмөсүн туура деп эсептеген айрым мыйзамчы депутаттар болсо мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы бар деп санашууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG