Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Орусияда 70 миллион тонна ядролук калдыктар бар


Бүгүн Президент Владимир Путин Тверь облусундагы Калининский АЭСине барып, ошол жерде мамлекеттик кеңештин коопсуздук боюнча жыйынына катышты. Анын айтымында ушул тапта Орусиянын аймагында 70 миллион тонна ядролук калдыктар бар жана аларды кайра иштетүүнүн инфраструктурасы өтө төмөн деңгээлде. Орус мамлекет башчысы 2001-жылдан тартып ядролук калдыктардын көлөмү эки эсеге көбөйгөнү менен аны зыянсыздандыруунун технологиясы мурдагы бойдон эле калгандыгын белгиледи. Орусия бүгүнтөн тартып жаңы ядролук реакторду ишке киргизди. Анын ачылышына катышкан президент Владимир Путин өлкөнүн өзөктүк кубат чыгаруучу заводдорун мындан ары да жаңылоо керектигин айтты. Анын пикиринде дагы эки атомдук реактор 2010-жылга чейин пайдаланууга берилмекчи. Өлкөдөгү 10 атомдук электростанцияга көзөмөл салуучу "Росатомэнергия" компаниясынын өкүлү Калинский АЭСинин бүгүн иштей баштаган жаңы реактору заманбап техникалар менен жабдылып, башкарууга оңой экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG