Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:11

Иракта талапкерлерди каттоо аяктады


Ирактын көзкарандысыз шайлоо комиссиясы бүгүн 30-январда өтө турган шайлоого талапкерлерди каттоону аяктады. Өлкөнүн улуттук жыйынындагы 275 орунга 6400 адам ат салышууда. Алар 100дөн ашуун ар кандай партия, блок жана бирикмелердин атынан көрсөтүлгөн. Улуттук жыйын куралгандан кийин ал эмдиги жылы Ирактын Конституциясын кабыл алып, жаңы өкмөттү түзөт. Шайлоого Ирактын убактылуу премьер-министри Аяд Аллави жана убактылуу президенти Гази аль-Явар да ат салышканы жатат. 16-декабрда Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Паэлль менен жолуккан учурда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан шайлоо – ирактыктардын өздөрү чече турган маселе экенин, бирок Улуттар уюму бул өлкөдөгү кызматкерлеринин санын көбөйтө турганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG