Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Евробиримдик Түркияны кабыл алууга байланыштуу маселени карай баштады


16-декабрда Брюсселде Европа биримдигинин эки күндүк саммити башталды. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе – Түркияны Евробиримдикке мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоонун мөөнөтүн тактоо. Евробиримдиктин президенти Жозе Мануэль Бароззо Түркияны тең ата мүчө катары кабыл алуучу күн келди деп билдирди:

- Эгер биз Түркия менен сүйлөшүүлөрдү баштай турган болсок ал акыр аягы анын Евробиримдикке тең ата мүчө болушуна багытталышы керек. Бул өлкөнүн алдына коюла турган талаптар дагы акыркы мүнөттөрдө эмес, эрте айтылып, аларды Түркия жеңгендей болууга тийиш. Менимче Түркия менен сүйлөшүүлөрдү баштай турган учур келди.

Евробиримдиктин айрым мамлекеттери мусулмандар басымдуулук кылган жана анча өнүкпөгөн Түркияны мүчөлүккө кабыл алуудан чочулап жатышат.

Түркиянын премьер-министри Тайып Эрдоган жыйын башталаар алдында түрктөр да алардын европалык достору сыяктуу эле эркиндиктин жана демократиянын принциптери менен жашагысы келет деп билдирген. Анын пикиринде Түркия уюмдун талаптарын азыр дароо аткара албаса да биримдикке өткөнгө чейин ал реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр бар.

Франциянын президенти Жак Ширак кечээ Түркиянын кабыл алынышы Европанын кызыкчылыгына туура келет деген, бирок ырасмий Анкара биримдиктин талаптарын аткарууга тийиш деп да кошумчалаган болчу ал.

Буга чейин Европарламент мусулмандар басымдуулук кылган Түркияны биримдикке кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого макулдугун берген болчу. Ошол эле маалда Европарламент Түркияны өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышына, дин эркиндигине жана аялдардын коомдогу абалына көңүл бурууга чакырды. Евробиримдикке азыр төрагалык кылып жаткан Голландиянын премьер-министри Жан Петер Балкененде уюмга мүчө 25 мамлекеттен Түркия боюнча бир пикирди күтүп жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG