Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

АКШ ИРАН МЕНЕН СИРИЯНЫ ИРАКТЫН ИЧКИ ИШИНЕ КИЙЛИГИШҮҮДӨ ДЕП САНАЙТ


Соңку күндөрү расмий Багдад да, Вашингтон да Иран менен Сириянын бийликтерин Ирактын ички саясий турмушуна кийлигишип жатат деп катуу сынга ала башташты. Бирок бул доолор азырынча тийешелүү далил менен тастыктала элек. Чынында эле Ирактын коңшулары өлкө коопсуздугуна кедергисин тийгизип жатабы?

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Уокер Буш шаршембиде Вашингтондо чыгып сүйлөп, Иран менен Сирияга кайрылып, аларды 30-январда шайлоо өткөрүүгө беленденип жаткан Ирактын ички иштерине кедерги болбоого чакырды.

Бирок ал бул эскертүүнүн кыртышы, ага себепкер болгон жагдайлар жөнүндө да, эгерде бул эки өлкө моюн сунбаса, кандай чаралар көрүлүшү ыктымал экендиги тууралуу да айтып отурган жок. Ал тек гана Ирактын ички иштерине кийлигишүү Сирия менен Ирандын кызыкчылыктарына төп келбестигин туюк айтты.

Ирактын убактылуу өкмөтү да Сирия менен Ирандын бийликтерин өзүнүн ички иштерине кийлигишип жатышат деп айыптап келет.

Убактылуу коргоо министри Хазим аш-Шаалан шаршембиде Багдадда чыгып сүйлөп, Иран Ирактагы козголоңчуларга тымызын жана жигердүү жардам берип жатканын айтты:

- Террорчулуктун ачкычы Иранда экенин биз жаңы айгинеледик. Мен мурдараак да белгилегендей, бул өлкө Ирактын эң биринчи кас душманы болууда.

Коргоо министри Хазим аш-Шааландын айтымында, Саддам Хусейндин тарапкерлери менен теги иордандык исламчы Абу Мусаб аз-Заркавинин жоочуларына Сирия да тымызын көмөк көрсөтүүдө:

- Иран Иракта эң ири террордук алкак түзүп, аны башкарып келет. Иран менен Сириянын чалгын кызматтары жана Ирактын мурдагы чалгын кызматынын өкүлдөрү аз-Заркавинин тобу менен кызматташууда.

Өткөн аптада Ирактын башка да жогорку жетекчилери расмий Дамаскты Саддамдын Баас партиясынын калган-каткан тарапкерлерине Сирия тараптан туруп Ирактагы козголоңду башкарууга мүмкүндүк түзүп жатат деп сынга алган.

Иран да, Сирия да бул сыяктуу айыптоолорду төгүнгө чыгарышууда. Алар жоочулар ары-бери өтпөсүн үчүн чек араны бекемдөөгө бар аракетин жасап жатканын айтышат.

Лондондук серепчи Тури Мунт (Turi Munthe) мырзанын айтымында, Иран өкмөтү бул козголоңчуларга тымызын көмөк берип жаткандай, бирок Сириянын өкмөтүн айыптоо кыйын:

- Сириядан Иракка агылып жаткан жоочулардын иш-аракетин Сирия өкмөтү жетектеп же көзөмөлдөп жатат деп айтууга болбойт. Сирия Ирак менен өтө эле узун чек арага ээ, аны кайтарууга алуу өтө чоң мүшкүл иш. Көптөгөн кишилер чек арадан тымызын өтүп кетип жаткандай сыяктанат.

Серепчилер расмий Вашингтон Ирактын коңшуларын курулай айыптай бербестен, тийешелүү далилдерин жарыялоого тийиш деп санашат. Ал эми расмий Багдад бир эле учурда өз коңшулары менен өз ара мамилелерин жакшыртуу аргаларын да издөөдө. Маселен, сентябрда Дамаск менен Багдад чек арада биргелешип кайгуул уюштуруу тууралуу келишимге жетишкен.

Иран менен Ирак да декабрдын башында аймактык кызматташтыкты чыңдоо зарылчылыгын белгилешкен, бирок тийешелүү кадамдарга баруу жаатында эч кандай чечим кабыл алынган эмес.

XS
SM
MD
LG