Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

САЯСИЙ ТОПТОР: САНДАН САПАТКА ӨТӨБҮ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Соңку мезгилде өлкөдө өкмөтчүл саясий партиялар менен катар оппозициячыл маанайдагы саясий топтордун аракети да жандана баштады.

Мындан бир нече ай оболу курамына тогуз оппозициячыл партия кирген «Кыргызстан элдик кыймылы» түзүлсө, көп өтпөй өлкөдө дагы бир «Атажурт» оппозициячыл кыймыл пайда болду. Аталган кыймыл жетекчилери келээрки парламенттик шайлоодо өз ара биргелешип аракеттенүү тууралуу келишимге 16- декабрда кол коюшту. Бул тууралуу «Атажурт» кыймылын уюштуруучулардын бири Адахан Мадумаров мындай дейт:

-Кечээ «Кыргызстан элдик кыймылы» менен «Атажурт» кыймылынын жетекчилери өз ара макулдашуу тууралуу келишимге кол коюшту. Аны талкуулоого эки сааттын тегерегинде убакыт кетти. Муну келээрки парламенттик шайлоодо биргелешип аракеттенүү тууралуу өнөктөштүк келишими десек болот.

Ошондой эле Мадумаров мындай келишимдин мазмуну жана кыймылдардын максаты тууралуу:

-Бул макулдашууга ылайык тараптар парламенттик шайлоо убагында жакындан кызматташышат. Өлкөдө өтүп жаткан ар кандай саясий-экономикалык окуяларга, мыйзамдык өзгөрүүлөргө биргелешип реакция жасап, бирдиктүү позиция менен чыгууга аракеттенишет. Ошондой эле башкы максат парламенттик шайлоодо конституциялык көпчүлүктү ээлөө керек. Эгерде бийлик жеңишке жетише турган болсо, өлкөнүн Конституциясы дароо өзгөртүлөт да азыркы бийликтин өмүрү дагы бир нече жылга узартылат. Биз ошого жол бербешибиз керек..

Ошондой эле Адахан Мадумаров учурда «Атажурт» кыймылынын жетекчилери «Жаңыбагыт» кыймылы жана башка саясий партиялардын жетекчилери менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын, жакынкы күндөрү алар менен да ушундай эле мазмундагы макулдашуу түзүлүшү ыктымалдыгын билдирди.
Шайлоо жакындаган сайын Кыргызстанда оппозициячыл жана ортомчул маандайдагы партиялар жана саясатчылардын азырынча чоң үч топко биригүүсү уланууда. Буга байланыштуу коомчулукта өлкөдөгү оппозициячыл саясатчылардын мындай биригүүсүнөн кандайдыр бир натыйжа чыгабы же алардын мындай биригүүсү жөн эле шайлоо алдындагы саясий акция бойдон калабы, деген суроо жаралууда. Мындай суроого саясатчылар ар кыл өңүттөн жооп берет. Маселен, «Элет» партиясынын мүчөсү, Мыйзам чыгаруу жыйын депутаты Ташболот Балтабаев оппозициячыл маандайдагы саясатчылар келечектеги шайлоолордо жеңишке жетишээринде шек жок деген оюн билдирип, анын себебин кыскача мындайча түшүндүрдү:

-Эл менен бүгүнкү аткаруу бийлигинин ортосундагы ажырым жогорулап кетти. Аткаруу бийлиги элге берген көптөгөн убадаларын аткарган жок. Мындан сырткары учурда эл жаңыланууну, кандайдыр бир өзгөрүүнү көксөөдө.-

дейт Ташболот Балтабаев. Ушул эле суроого «Эрк» партиясынын төрагасы, Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Бектур Асанов мындай пикирин билдирди:

-Кеп элдин бышып жетип калгандыгында. Эл бийликке ишенбей калды. Эл бийликке абдан нааразы. Эгерде, 2005-жылкы шайлоолордо аткаруу бийлиги мыйзам бузууларга барбаса, эл жеңишке сөзсүз түрдө жетишет. Эгерде, буга чейинки шайлоолордогудай мыйзам бузуулар орун алса, Грузия, Украинадагыдай тополоң болушу ыктымал.

Оппозициячыл саясатчылардын мындай пикирине аткаруу бийлик өкүлдөрү жана айрым саясатчылар макул эмес:

-Мисалы, мен борборчул депутат катары, аткаруу бийлигин колдоп беш жылдан бери парламентте иштеп жатам. Мен жогорудагыдай ойго кошулбайм, макул эмесмин. Бүгүнкү күндө бийлик деле жакшы иштеп жатат. Ал эми эл келээрки шайлоолордо кайсыл саясий топту колдойт аны шайлоолордун жыйынтыгы көрсөтөт. Тагыраак айтканда, 2005-жылдын 27-февралындагы шайлоонун жыйынтыгында белгилүү болот.
-дейт Мыйзам чыгаруу жыйын депутаты Махмуд Күчүков.

Шайлоо жакындаган сайын өлкөдө ар кандай көз караштагы саясий партия, кыймыл, бирикмелердин аракети жандана баштады. Келээрки шайлоолордо алардын кимиси ийгиликке жетишет аны убакыт көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG