Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Бакирдин Субанбеков:" Милиция иштебейт дегенге кошулалбайм..."


Жума күнү Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны Ички иштер министри Бакирдин Субанбековдун ички иштер тармагына байланыштуу мыйзамдардын аткарылышы жөнүндөгү отчетун укту.

Министрдин маалыматынан кийинки талкууда депутаттардын көбү өлкөдө кылмыштуулук күчөп, буйрук менен киши өлтүрүүлөрдүн бети ачылбай жаткандыгына тынчсызданууларын билдирди.

Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков министрликтин алдындагы башкы милдет-өлкө коопсуздугуна коркунуч туудурган кылмыштуулукту, анын ичинде диний экстремизм, баңги соодасы, терроризм жана эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү. Министрлик бул милдетти толук аткаруу үчүн 2002-жылдан бери ички иштер тармагын реформалоонун концепциясын иштеп чыгып, быйыл кабыл алган. Андан тышкары өткөн жылдан бери тармактын ишин эл аралык деңгээлге жеткирүү үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму министрликти реформалоо программасын ишке ашыра баштады.

Бирок, Эл өкүлдөр жыйынынын министрликтин ишин иликтеген депутаттык комиссиясы өлкөдө кылмыштуулук өтө кооптуу деңгээлге жетти, буга буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн саны өсүп, бети ачылбай жатканы, ал гана эмес, ички иштер органдарынын кызматкерлери өздөрү мыйзам бузууларга баргандыгы жана уруксат берүүчү финансы-кредит тармагындагы кызматкерлердин коррупциялашканы далил деген бүтүмгө келген. Ушундан улам депутаттар эң ириде буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн эмне себептен бети ачылбай жаткандыгына кызыгышты.Ага министр Бакирдин Субанбеков:

-Кийинки кезде буйрук менен киши өлтүрүүлөр чынында көбөйдү. Бирок, бул иш өтө кылдаттыкты талап кылып жатат. Азыр бизде көп маалыматтар бар. Бирок, убакыттын жоктугунан жетише албай жатабыз жана анын жыйынтыгы чыгат .

-деп жооп берип, аталган кылмыштардын бети ачылаарына ишендирди. Бирок, тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн отчетту жабык эшик артында талкуулоону өтүндү. Добуш бере келгенде депутаттар сунушту колдоп, министрликтин өтө оор кылмыштарга каршы кандай күрөшүп жаткандыгы журналисттер үчүн белгисиз бойдон калды. Ал эми министрликтин ишин иликтеп чыккан депутаттык комиссиянын төрагасы Искак Масалиев буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн жакында бети ачылаарына ишенбей калган. Анын себеби тууралуу Масалиев:

- Мындай оор кылмыштардын артында турган чоң күчтөр бар. Биринчиден, алардын экономикалык кызыкчылыгы, экинчиден саясий кызыкчылыгы бар. Аларды ачууга оперкызматчылар менен тергөөчүлөрдүн күчү жана мүмкүнчүлүгү жетпейт. Себеби, тергеп барып эле чоң кызматчыга такалып калат. Аны суракка алалбайт же иликтей албайт. Ошондуктан, бул кылмыштардын жакын арада бети ачылаарына көзүм жетпейт. Тергөөнү дүңгүрөтүп баштап, тигини же муну камадык деген менен эки ай өткөндөн кийин айлалары жок эркиндикке чыгарышат.

Ал эми Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков милиция кылмыштуулукка каршы жакшылап күрөшкөн жок деген пикирге макул эмес:

-Мен жетекчи катары милиция такыр иштебейт жатат деген ойдон алысмын. Колдон келген иштерди жүргүзүп жатабыз. Мисалы, акыркы кезде таксисттерди өлтүрүп, машиналарын тартып кеткен кылмыштар көбөйүп кетип, жарым жылдын ичинде ушундай 17 факт катталган. Мына жакында Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 2 кылмыштуу топту, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бир топту кармады. Азыр аларды тергөө жүрүп, 11ден ашык эпизод чыкты. Ушуга окшогон кылмыштар ачылып жатат. Кызматкерлер колунан келишинче, тажрыйбаларынын жетишинче иштеп жатышат. Талапты катуу коюп жатабыз.

Министр Б.Субанбековдун айтымында, милициянын кылмыштуулукка каршы күрөшү жана жасалган кылмыштардын бетин ачуусуна айлык маянанын аздыгы, унаа менен кесиптик жабдуулардын жетишсиздиги башкы кедерги болууда:

- Көйгөйдү кескен эң татаал маселе айлык болууда. Айлыктын азынан эң мыкты юрист адистердин баары жакшы маяна берген фирмаларда иштеп жатышат. Ага чейин көбү КМШдагы башка мамлекеттерге кетип калышкан.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттык комиссиясы ар кандай кылмыштуулуктун өсүшүнө жана алардын бетинин ачылбай жаткандыгына министрликтин кызматкерлеринин мыйзам бузууларга барганы өбөлгө түзүп жатат деген бүтүмгө келген. Маселен, акыркы үч жыл ичинде министрликтин 12 миң 507 кызматкери жазаланган. Алардын 1588 мыйзам бузганы катталып, 463үнө кылмыш иши козголгон. Алардын 103үнө жаза берилип, 1 миң 896 кызматкер тармактан куулган. Чоң кызмат орундарынан 725 кызматкер бошотулган. Депутаттык комиссиянын төрагасы Искак Масалиевдин айтымында,министрликтеги мына ушундай фактылар менен коомчулуктун үшүн алган киши өлтүрүүлөрдүн бети ачылбай жаткандыгы өлкөдө өтө кооптуу жагдай жаратууда жана ал шайлоо маалында күч алып, айрым саясатчыларга каршы колдонулушу толук мүмкүн:

- Бул көрүнүштөр эң коркунучтуу баскычка көтөрүлүп баратат. Мурда бири-бирин жумуштан алып, акча менен коркутуу гана болсо азыр кылмышка жетти. Эгер жакын арада буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн бети ачылбаса бул процесс саясий аренага жетип, кээ бир саясатчыларды ушундай кылмыш жолу менен жоготууга шарт түзүшү мүмкүн.

депутат Искак Масалиев буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн бети ачылбагандан кийин министр тармактын алсыз экендигин моюнга алып, башкарма жетекчилери менен кошо кызматынан кетиши зарыл деген ойдо.

Ал эми Эл өкүлдөр жыйыны Ички иштер министринин ишин канааттандырарлык деп баалап, ал тууралуу токтом кабыл алды.

XS
SM
MD
LG