Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ ОРУСИЯГА ЫКТАДЫБЫ?…


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кай бир эксперттер 2005- жылкы шайлоолор жакындаган сайын кыргыз бийлиги Орусияга ыктай баштады дешет. Кыргызстандын орус бийлиги менен болгон мындай алакасын айрым байкоочулар эки элдин тарыхый карым- катнашы менен түшүндүрүп, оппозициялык маанайдагы айрым күч саясий боек сүртүү аракетинде.

Президент Аскар Акаевдин Орусияга соңку сапары, эксперттердин баамында, айрыкча жемиштүү болду. Владимир Путин Кыргызстанды газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, Камабарата ГЭСтерин куруу сыяктуу маселелерди тез арада чечип берүүнү убада кылган. Байкоочулардын баамында кыргыз тарап бул сапардан абдан канааттануу менен кайткан болчу. Соңку кезде кыргыз бийлиги Орусия тарап менен биргелешип алып барган да иш- чаралар эки мамлекет ортосундагы мамиле күн санап бекемдеп атканынан кабар берет. Айрым оппозициячыл маанайдагы саясатчылар президент Аскар Акаев шайлоолор жакындап келатканда орус бийлигине ыктап, Владимир Путинден колдоо күтүп атат деп сын айтышууда.

Оппозиция Аскар Акаев 2005- жылы бийликтен кетсин, мыйзам бузулбасын деп атабыз. Батыш бизге үн кошуп алдыдагы шайлоолор демократиялуу болсун деп атышат. Аскар Акаев болсо Грузия жана Украинадагы кырдаалды Батыш алып келди деп атпайбы?! Андыктан мамлекет башчысы Орусияга таянуу менен бийликте калуу аракетин жасап атат го деген ой кетет, дейт Топчубек Тургуналиев.

Мындай пикирдеги саясатчылар Аскар Акаев шайлоолордун демократиялуу усулда талап кылган Батыштан оолактап, Орусиядан таяныч издеп аткан кези дешет. Президент Аскар Акаев бир нече ирет Батыштагы эл аралык уюмдарга акаарат айтып, ал эми оппозициялык күчтү Батыштын акчасына кызыгып алардын камчысын чаап берип атат деп сындаган. Эксперттердин баамында, Грузия менен Украинадагы кырдаалдан улам кыргыз бийлиги чочулап калгандай түрү бар. Мамлекет башчы 10- декабрдагы демократиялык жараянга арналган жыйында Батыштан келип аткан мындай ыңкылаптар улуттук кызыкчылыктарга дал келбейт деп белгилеген.

Кыргыз журтчулугунда орус бийлигине сын пикир менен карагандар да бар. Ишкер жана публицист Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында, Владимир Путин Борбор Азия мамлекеттериндеги бийлик тизгинин узартып алган президенттерди демократиялык жолго чакыра албагандан кийин Кыргызстанга демократиялык шардан алып келерине ишенбейт. Орусия анын Батыш цивилизациясын кабыл алат го деген үмүтүн актабай, советтик системадагы күч менен мажбурлоо адатын таштай алган жок.

Канчалаган жылдардан бери жардамын аябай келаткан Батыштын алдында олку- солку саясат алып баргандан сак болушубуз керек дешет айрым эксперттер. Белгилүү саясий ишмер Медеткан Шеримкулов бүгүн бир даарына жакшы кеп айтып, эртеси башкача кеп кылсак Батышты иренжитип коебуз дейт. Бирок анын айтымында, кыргыз бийлиги Батыштан оолактаган жок, болгону Орусиянын ички кыйынчылыктарынан улам Борбор Азия мамлекеттеринен убактылуу алыстагандай.
Кыргыз журтчулугунда Кыргызстан кандай болбосун Орусия менен кол кармашып мамиледе болгону оң деген саясатчылардын катары калың. Мындай турумдагылар илгертен тарыхый карым- катышы бар эки мамлекет канчалык бекем алакада болсо ошончо жакшы дешет. Жогорку Кеңештин депутаты Орозбек Дүйшеев мамлекет башчы бийлигин сактап калыш үчүн Орусия менен мамилени бекемдеп атат деген имиштерге ишенбейт. Депутаттын оюнда, Орусия менен тыгыз алакада болуу- учурдун талабы.
Ошол эле учурда Орусия үчүн да, АКШ сыяктуу Батыш мамлекеттер үчүн да Кыргызстанда стратегиялык чоң кызыкчылыктар жатканын эксперттер моюнга алышат. Кыргызстанда Америкалык аскердик базанын орнотулганына үч жыл, ал эми Канттагы орус аскердик базага бир жылдан ашты.
XS
SM
MD
LG