Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

18-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча 18-декабрда Кыргызстанда ала-булут каптап турат, мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн –3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз –1 градус сууктан +4 градуска жылыйт.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз –3 градус сууктан +2 градуска жылуу болот.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн –1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу, күндүз +2...+7 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +1...+6 градус жылуу.
НАРЫН облусунда түнкүсүн –7...-12, күндүз –3...-8 градус суук болушу күтүлөт.
Ордо калаа БИШКЕКте ала булут каптап турат, мезгил-мезгили менен кар жаайт, абанын температурасы түнкүсүн –1 градус сууктан+1 градуска чейин жылуу, күндүз +1...+3 градуска жылыйт.


Кабарлады даярдагандар: Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана областтык кабарчылар.

Редактору Султан РАЕВ

XS
SM
MD
LG