Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

«Азаттыктын» жаштары жарандык коом менен бирге талкуу уюштурду


17-декабрда “Азаттыктын” жаштар программасы менен “Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюму биргелешкен форум өткөрдү. “Кыргызстанда маалымат каражаттары жаштардын жашоосун кандай чагылдырат?” деген маселени талкууга алган форумга Бишкектеги коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын студенттери, областтардан келген жаш активисттер катышты. Жыйындын катышуучулары өлкө калкынын жарымынан көбүн түзгөн жаштардын көйгөйлөрү коомчулуктун көңүл сыртында калып келатканын белгилешип, маселелерди ачык талкууга алган ушундай форумдарды жер-жерлерде өткөрүү керек деген чечимге келишти.

XS
SM
MD
LG