Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Жаңы паспорт жыл соңунда бериле баштайт


БИШКЕК. Кыргызстандын паспортунун жаңы үлгүдөгү нускаларынын 99% даяр. Алар атуулдарга жыл этегинен бериле баштайт. Бул тууралуу Маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Юрий Лысогоров 17-декабрда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргыз Республикасынын атуулдарына берилүүчү пластикалык паспорттун 102 миң даанасы жана китепче түрүндөгү жалпы атуулдук паспорттун 200 миң даанасы даяр болгон. Кыргыз Республикасынын атуулуна берилүүчү пластикалык паспорттун мөөнөтү 10 жылга, ал эми 55 жаштан жогоркуларга өмүрүнүн аягына чейин берилет. Ал эми жалпы атуулдук паспорттун мөөнөтү 5 жыл. Жаңы паспорттордун баасы евро менен эсептелип сом түрүндө төлөнөт. Пластикалык паспорттун баасы 4 евро же 216 сом. Элчиликтер үчүн, жалпы атуулдук жана кызматтык паспорттордун баасы 20-25 евро же миң сомдон 1350 сомдун тегерегинде болот.

XS
SM
MD
LG